Бийик тоолуу аймактардын жашоочулары канча өлчөмдө жөлөкпул ала алышат?

Бийик тоолуу аймактардын жашоочулары канча өлчөмдө жөлөкпул ала алышат?

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Нарын, Талас, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын аймактык башкармалыктарынын кызматкерлери үчүн “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” жаңы жөлөкпулу боюнча окутуу өткөрдү.

Министрликтин маалыматына караганда, бул жөлөкпул бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын аймактарда, өзгөчө чек арага жакын жайгашкан калктуу конуштарда жашаган жарандарга (үй-бүлөлөргө) үчүнчү жана андан кийинки бала төрөлгөндөн баштап 3 жашка чыкканга чейин берилет.

Тренингде жаңы жөлөкпулдун Социалдык камсыздоонун бирдиктүү системасында модулу менен иштөө жана дайындоо тартиби тууралуу түшүндүрмөлөр берилди. Жарандар арызды 2026-жылдын январынан тартып тапшыра алышат, ал эми төлөм 2026-жылдын 1-февралынан баштап ай сайын 3 000 сомдон төлөнөт.

Министрлик белгилегендей, бул жөлөкпул социалдык-экономикалык абалга карабастан жана райондук коэффициентти эске албай берилет. Арыз тапшыруу үчүн жарандар аймактык социалдык камсыздоо бөлүмүнө кайрылышы керек.

Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы № 193 “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилген. Мыйзамга ылайык, 2026-жылдын 1-январынан тартып “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” жөлөкпулу расмий түрдө киргизилет.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто экс-мэр М.Мырзакматовдун мыйзамсыз жерлери тууралуу маселе коюлду

Ошто экс-мэр М.Мырзакматовдун мыйзамсыз жерлери тууралуу маселе коюлду

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов мыйзамсыз алган делген жерлерге байланыштуу иш учурда Ош шаардык сотунда каралууда. Бул тууралуу Жогорку соттун төрагасынын жарандык иштер боюнча орун басары Шералы Камчыбеков 10-апрелде Ош шаарында президент Садыр Жапаровдун эл менен жолугушуусунда билдирди. Мунун алдында Шаардык кеңештин депутаты Бекболот Арзибаев мамлекет башчы менен жолугушууда

Чүй облусунда тамчылатып сугаруу системасын орнотууга 12 млн сом бөлүнөт

Чүй облусунда тамчылатып сугаруу системасын орнотууга 12 млн сом бөлүнөт

Москва районундагы суу чарба башкармалыгы 30 гектар аянттагы жүгөрүнү сугаруу үчүн тамчылатып сугаруу системасын сатып алуу жана орнотуу боюнча тендер жарыялады. Тендердин жалпы суммасы 12 млн 105 миң сомду түзөт. Жумуштар 2026-жылдын май айынын аягына чейин бүтүрүлүшү керек. Жабдуучулардын сунуштары 24-апрелге чейин кабыл алынат. Буга чейин Суу ресурстары, айыл чарба

Талас облусунда элиталык сырлар чыгарыла баштайт

Талас облусунда элиталык сырлар чыгарыла баштайт

Талас облусунда элиталык сыр түрлөрү өндүрүлө баштарын Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду билдирди. Маалыматка ылайык, фонд жана Талас облусундагы алдыңкы сүт өндүрүүчүлөрдүн бири — "Эмилия" ЖЧКсы өндүрүш кубаттуулуктарын кеңейтүү боюнча долбоорду каржылоо келишимине кол коюшту. Жалпы инвестиция көлөмү 1,2 млн долларды түзөт. Талас облусунда биринчи жолу крем-чиз, фета жана маскарпоне

Президент Оштун экс-мэри Токторбаевдин катачылыктары оңдолорун билдирди

Президент Оштун экс-мэри Токторбаевдин катачылыктары оңдолорун билдирди

Президент Садыр Жапаров 10-апрелде Ош шаарынын жашоочулары менен жолугушууда калаанын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаевдин аша чапкан иштери болгонун билдирди.  Жапаров шаардагы имараттарды түрттүрүүдө кемчиликтер болгонун, мурдагы мэр бул жараянды баштардан мурун кенемте маселесин чечиши зарыл болгонун белгиледи.  Токторбаевдин бир катар жакшы иштери болгонун айткан мамлекет башчы бирок “снос өнөктүгүнө” байланыштуу