Быйыл КТБ 3,6 млн кызмат көрсөттү, анын 527 миңи онлайн

Быйыл КТБ 3,6 млн кызмат көрсөттү, анын 527 миңи онлайн

Жыл башынан бери Кыргызстан боюнча Калкты тейлөө борборлоруна жалпы 3,6 млн кайрылуу катталып, анын ичинен 527 миң кызмат онлайн форматта жеткирилди. Бул тууралуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинен билдиришти.

Эң көп суроо-талапка ээ санарип кызматтар — даректи каттоо жана ар кандай маалымкаттарды алуу. Бирок ID-картаны онлайн алмаштыруу боюнча активдүүлүк төмөн бойдон калууда: 3 миң арыздан болгону 1 миң документ берилген.

Жыйындын жыйынтыгында 2026-жылга артыкчылыктуу багыттар катары онлайн кызматтарды кеңейтүү, кезектерди кыскартуу, тейлөөнүн сапатын жогорулатуу жана коррупцияга каршы чараларды күчөтүү аныкталды.

Азыркы тапта Кыргызстанда 52 калкты тейлөө борбору, 2 Бакыт өргөсү, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында чет өлкөлүк жарандарды тейлөө боюнча 2 бөлүм иштеп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров Араван районунун өнүгүү долбоорлору менен таанышты

Садыр Жапаров Араван районунун өнүгүү долбоорлору менен таанышты

Президент Садыр Жапаров 11-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Араван районуна барып, аймакты өнүктүрүү боюнча пландар менен таанышты. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Араван районунун акими Данияр Эркимбаев мамлекет башчысына акыркы жылдары аткарылган иштер жана келечектеги долбоорлор тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, 2021–2025-жылдары жол тармагына 954

Бишкекте коомдук тартипти камсыздоо күчөтүлдү

Бишкекте коомдук тартипти камсыздоо күчөтүлдү

Бишкек шаарынын ИИББгы дем алыш күндөрү жарандардын коомдук тартибин жана коопсуздугун камсыздоо күчөтүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББнан кабарлашты. билдирүүгө караганда, өзгөчө көңүл укук бузуулардын алдын алууга, жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп кайтарууга, ошондой эле кыраакылыкты жогорулатууга бурулмакчы. Ага ылайык, сейил бактарда жана адамдар көп чогулган жайларда кызмат өтөөгө өзгөчө көңүл

Улуттук банк менен ИИМ алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча жолугушуу өткөрдү

Улуттук банк менен ИИМ алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча жолугушуу өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен биргеликте 10-апрелде финансылык алдамчылыкка каршы күрөшүү маселелери боюнча блогерлер жана ЖМК өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө мобилдик байланыш жана интернет аркылуу жасалган алдамчылык схемалары тууралуу кеңири маалымат берилди. Айрыкча “дропперлик” — жарандардын банктык карталарын жана жеке маалыматтарын үчүнчү жактарга берүү

Ошто экс-мэр М.Мырзакматовдун мыйзамсыз жерлери тууралуу маселе коюлду

Ошто экс-мэр М.Мырзакматовдун мыйзамсыз жерлери тууралуу маселе коюлду

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов мыйзамсыз алган делген жерлерге байланыштуу иш учурда Ош шаардык сотунда каралууда. Бул тууралуу Жогорку соттун төрагасынын жарандык иштер боюнча орун басары Шералы Камчыбеков 10-апрелде Ош шаарында президент Садыр Жапаровдун эл менен жолугушуусунда билдирди. Мунун алдында Шаардык кеңештин депутаты Бекболот Арзибаев мамлекет башчы менен жолугушууда