Экспорт, түшүм жана реформа боюнча айыл чарба жетишкендиктери

Экспорт, түшүм жана реформа боюнча айыл чарба жетишкендиктери

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 2025-жылдын жыйынтыктарын чыгарып, тармакта системалуу өсүш жана маанилүү жетишкендиктер катталганын билдирди.

Маалыматка ылайык, республика боюнча 86 үрөнчүлүк чарба иштеп, 11 айда 4 485 тонна сапаттуу буудай үрөнү даярдалды. Үрөн алуучулардын саны 2 782ге жетип, өткөн жылга салыштырмалуу 14 пайызга өстү. Ошондой эле 15 млн 37 миң көчөт өстүрүлүп, импортко көз карандылык кыскарды.

Экспорт багытында да алгачкы жетишкендиктерге жетишилди. Кыргызстан тарыхында биринчи жолу 40 тонна беде үрөнү Россияга, 1,6 тонна ашкабак үрөнү Японияга экспорттолду.

Жалпы айдоо аянты 1 млн 245,6 миң гектарды түзүп, дан эгиндеринен 2,3 млн тоннадан ашык дүң түшүм алынды. Картошка, жашылча жана бакча өсүмдүктөрү боюнча да жогорку көрсөткүчтөр катталды.

Мал чарбасында алгач ирет мамлекеттик бюджеттен 60 млн сомдон ашык каражат бөлүнүп, 270 миң доза асыл тукум бука уругу акысыз таратылды. Натыйжада 77 миңден ашуун уй-кунажын жасалма уруктандыруудан өткөрүлдү. Учурда өлкөдө 302 уруктандыруу пункту иштеп, 185 асыл-тукум чарба катталган.

Министрлик 3%дык жеңилдетилген насыя берүү, жогорку түшүмдүү өсүмдүктөрдү жайылтуу, органикалык өндүрүштү өнүктүрүү жана экспортту кеңейтүү багытындагы иштерди улантууда.

Мындан тышкары окуңуз

Экономика министрлиги европалык импорттун кескин өзгөрүшү тууралуу маалыматты жокко чыгарды

Экономика министрлиги европалык импорттун кескин өзгөрүшү тууралуу маалыматты жокко чыгарды

Кыргызстандын тышкы соодасы 2019–2024‑жылдар аралыгында бир катар өлкөлөр менен товар жүгүртүүнүн өсүшүн көрсөткөнүн тууралуу  Экономика министрлиги билдирет. Маалыматка ылайык, көрсөткүчтөр мындайча өзгөргөн: * Эстония менен – 300 % (1,5 млн  доллардан 4,5 млн  долларга чейин); * Польша менен – 131,53 % (26 млн  доллардан 60,2 млн  долларга чейин); * Германия менен

Тажикстан, Кыргызстан пахтаны кайра иштетүүнү өнүктүрүүнү макулдашты

Тажикстан, Кыргызстан пахтаны кайра иштетүүнү өнүктүрүүнү макулдашты

МинКаб төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Тажикстандын айыл чарба министри Курбон Хакимзода менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар агрардык тармактагы эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл асыл тукум букаларды жана асыл тукум топоздорду алмашуу аркылуу малдын генетикалык

Электр кубаттоочу станцияларга жер 1 жылдан 3 жылга чейин берилет

Электр кубаттоочу станцияларга жер 1 жылдан 3 жылга чейин берилет

Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык жерлер рыногу бөлүмүнүн башкы адиси Талантбек Исмаилов радио эфиринде электр кубаттоочу станцияларды орнотуу үчүн жер тилкелерин берүү тартиби жана учурдагы абал тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, жер тилкелерин пайдалануу боюнча келишимдер көбүнчө бир жылдык мөөнөткө түзүлөт жана кийин үч жылга чейин узартылышы мүмкүн. Адистин түшүндүрүүсүндө, комиссия

ӨКМ суучулдарынын, токойчулардын, "Кыргызгидромет" кызматкерлеринин маянасы жогорулады

ӨКМ суучулдарынын, токойчулардын, "Кыргызгидромет" кызматкерлеринин маянасы жогорулады

Президенттин тапшырмасы боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдарынын айлык акысы көтөрүлгөнүн Бишкекте маалымат жыйында министрликтин орун басары Азамат Мамбетoв билдирди. Суучулдарга 20 000 сом өлчөмүндө кошумча акы белгиленди. Мурда алар болжол менен 30 000 сом алышса, эми айлык акысы 50–60 000 сом болот. Мамбетoвдун айтымында, бул чек эмес — күзгө чейин