Кыргызстан мыйзамдарында "жеке көрүстөн" деген түшүнүк жок
Бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында депутат Эржан Насиралиев Орок айылынын жогору жагында жеке көрүстөнгө байланыштуу ызы-чуу маселеси тууралуу мэрия жетекчилигине суроо узатты.
Буга жооп катары Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Илияс Колопов Кыргызстандын мыйзамдарында "жеке көрүстөн" деген түшүнүк жок экенин билдирди.
"Бизде муниципалдык көрүстөндөрдө жер маркумдарга акысыз берилет. Ал эми Орок боюнча кылмыш иши козголуп, сот органдарына өткөрүлдү. Кылмыш ишинин алкагында жерди кайтарып алуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатат", — деди аппарат жетекчиси.