Кыргызстанда кризистик борборлорго бюджеттен 21 млн сом каралган

Кыргызстанда кризистик борборлорго бюджеттен 21 млн сом каралган

ЖК депутаты Венера Салямова комитеттердин жыйынында Кыргызстанда зомбулукка кабылган аялдар үчүн мамлекеттик бюджеттен каржыланган кризистик борбор бар жогуна кызыкты.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев мындай борборлор жок экенин, бирок социалдык келишимдин алкагында иштеген борборлор бар экенин айтты. Депутат зомбулук фактыларынын көбөйүшүнө байланыштуу бул маселени чечүү зарыл экенин белгиледи.

"Мындай борборлорду ачып, аялдардын укуктарын коргоо керек", — деди Венера Салямова.

Өз кезегинде Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов Бишкекте жана аймактарда бир нече шелтерлер жана кризистик борборлор иштеп жатканын маалымдады.

"Жакында өткөн “Зомбулукка каршы 16 күн” кампаниясынын алкагында биз шелтерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Алар үчүн бюджеттен 21 млн сом каралган, ал эми былтыр бул сумма 7 млн сомду түзгөн. Биз мындан да көп каражат бөлүүгө даярбыз", — деп кошумчалады ал.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто экс-мэр М.Мырзакматовдун мыйзамсыз жерлери тууралуу маселе коюлду

Ошто экс-мэр М.Мырзакматовдун мыйзамсыз жерлери тууралуу маселе коюлду

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов мыйзамсыз алган делген жерлерге байланыштуу иш учурда Ош шаардык сотунда каралууда. Бул тууралуу Жогорку соттун төрагасынын жарандык иштер боюнча орун басары Шералы Камчыбеков 10-апрелде Ош шаарында президент Садыр Жапаровдун эл менен жолугушуусунда билдирди. Мунун алдында Шаардык кеңештин депутаты Бекболот Арзибаев мамлекет башчы менен жолугушууда

Чүй облусунда тамчылатып сугаруу системасын орнотууга 12 млн сом бөлүнөт

Чүй облусунда тамчылатып сугаруу системасын орнотууга 12 млн сом бөлүнөт

Москва районундагы суу чарба башкармалыгы 30 гектар аянттагы жүгөрүнү сугаруу үчүн тамчылатып сугаруу системасын сатып алуу жана орнотуу боюнча тендер жарыялады. Тендердин жалпы суммасы 12 млн 105 миң сомду түзөт. Жумуштар 2026-жылдын май айынын аягына чейин бүтүрүлүшү керек. Жабдуучулардын сунуштары 24-апрелге чейин кабыл алынат. Буга чейин Суу ресурстары, айыл чарба

Талас облусунда элиталык сырлар чыгарыла баштайт

Талас облусунда элиталык сырлар чыгарыла баштайт

Талас облусунда элиталык сыр түрлөрү өндүрүлө баштарын Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду билдирди. Маалыматка ылайык, фонд жана Талас облусундагы алдыңкы сүт өндүрүүчүлөрдүн бири — "Эмилия" ЖЧКсы өндүрүш кубаттуулуктарын кеңейтүү боюнча долбоорду каржылоо келишимине кол коюшту. Жалпы инвестиция көлөмү 1,2 млн долларды түзөт. Талас облусунда биринчи жолу крем-чиз, фета жана маскарпоне

Президент Оштун экс-мэри Токторбаевдин катачылыктары оңдолорун билдирди

Президент Оштун экс-мэри Токторбаевдин катачылыктары оңдолорун билдирди

Президент Садыр Жапаров 10-апрелде Ош шаарынын жашоочулары менен жолугушууда калаанын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаевдин аша чапкан иштери болгонун билдирди.  Жапаров шаардагы имараттарды түрттүрүүдө кемчиликтер болгонун, мурдагы мэр бул жараянды баштардан мурун кенемте маселесин чечиши зарыл болгонун белгиледи.  Токторбаевдин бир катар жакшы иштери болгонун айткан мамлекет башчы бирок “снос өнөктүгүнө” байланыштуу