Токмок мал базары 1-январда жабылат

Токмок мал базары 1-январда жабылат

Токмок шаарындагы мал базары 1-январдан тартып ишин токтоторун шаар мэриясынан билдиришти.

Маалыматта базар коммерциялык негизде иштеп келгени, бирок анын ээлери объекттин санитардык жана техникалык абалын тийиштүү деңгээлде камсыздабаганы айтылат.

Базарды жабууга ветеринардык-санитардык, санитардык-эпидемиологиялык жана экологиялык талаптардын системалуу түрдө бузулушу, ошондой эле коопсуздук жана инфраструктура боюнча белгиленген нормаларга жооп бербегени негиз болгон.
Буга чейин Чүй облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү текшерүүнүн жыйынтыгында базардын абалын кескин сынга алып, антисанитария, өтмөктөрдүн суу алдында калышы, малды алып келүүгө тийиштүү көзөмөлдүн жоктугу жана ветеринардык документациянын талаптагыдай жүргүзүлбөгөндүгүн белгилеген.

Коомчулуктагы резонанска социалдык тармактарда тараган видео да себеп болгон. Анда жамгырдан кийин базардын аймагы толугу менен суу каптап, айлананын баары ылай жана таштандыларга толуп калганы көрсөтүлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров Араван районунун өнүгүү долбоорлору менен таанышты

Садыр Жапаров Араван районунун өнүгүү долбоорлору менен таанышты

Президент Садыр Жапаров 11-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Араван районуна барып, аймакты өнүктүрүү боюнча пландар менен таанышты. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Араван районунун акими Данияр Эркимбаев мамлекет башчысына акыркы жылдары аткарылган иштер жана келечектеги долбоорлор тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, 2021–2025-жылдары жол тармагына 954

Бишкекте коомдук тартипти камсыздоо күчөтүлдү

Бишкекте коомдук тартипти камсыздоо күчөтүлдү

Бишкек шаарынын ИИББгы дем алыш күндөрү жарандардын коомдук тартибин жана коопсуздугун камсыздоо күчөтүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББнан кабарлашты. билдирүүгө караганда, өзгөчө көңүл укук бузуулардын алдын алууга, жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп кайтарууга, ошондой эле кыраакылыкты жогорулатууга бурулмакчы. Ага ылайык, сейил бактарда жана адамдар көп чогулган жайларда кызмат өтөөгө өзгөчө көңүл

Улуттук банк менен ИИМ алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча жолугушуу өткөрдү

Улуттук банк менен ИИМ алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча жолугушуу өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен биргеликте 10-апрелде финансылык алдамчылыкка каршы күрөшүү маселелери боюнча блогерлер жана ЖМК өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө мобилдик байланыш жана интернет аркылуу жасалган алдамчылык схемалары тууралуу кеңири маалымат берилди. Айрыкча “дропперлик” — жарандардын банктык карталарын жана жеке маалыматтарын үчүнчү жактарга берүү

Ошто экс-мэр М.Мырзакматовдун мыйзамсыз жерлери тууралуу маселе коюлду

Ошто экс-мэр М.Мырзакматовдун мыйзамсыз жерлери тууралуу маселе коюлду

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов мыйзамсыз алган делген жерлерге байланыштуу иш учурда Ош шаардык сотунда каралууда. Бул тууралуу Жогорку соттун төрагасынын жарандык иштер боюнча орун басары Шералы Камчыбеков 10-апрелде Ош шаарында президент Садыр Жапаровдун эл менен жолугушуусунда билдирди. Мунун алдында Шаардык кеңештин депутаты Бекболот Арзибаев мамлекет башчы менен жолугушууда