Ысык-Атадагы 100 гектар жерге терини кайра иштетүүчү завод курулат
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Биринчи радиого берген маегинде Ысык-Ата районунда терини кайра иштетүүчү завод курула турганын билдирди.
Министрдин айтымында, район аймагындагы пайдаланылбай жаткан 100 гектар жеке менчик жер мамлекетке өткөрүлүп, Министрликтин алдындагы “Агрохолдинг” мамлекеттик ишканасына берилди. Бул демилге Президенттин түз тапшырмасынын негизинде ишке ашырылууда.
"Учурда аталган аймакка канализация, суу жана электр энергиясы тартылды. Мындан ары жүн, тери жана мал чарбачылыгы менен алектенген ишкерлерге бул жерден өндүрүш аянттары ижарага берилет!", — деди министр.
Маалыматка ылайык, тери иштетүүчү заводдун курулушу 1,5 жылдын ичинде аяктайт. Бул долбоор ишке ашса, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү кеңейип, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү арттырууга өбөлгө түзөт.