Жеке агенттиктер 17 миң кыргызстандыкты чет өлкөгө ишке орноштурду
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борбору жыл башынан бери 17 167 кыргызстандыкты чет өлкөлөргө жумушка жөнөттү, алардын 6 957си аялдар.
Министрликтин маалыматына ылайык, отчеттук мезгилде ведомстволор аралык комиссиянын 10 жыйыны өткөрүлүп, кыргызстандыктарды чет өлкөлөргө ишке орноштурууга уруксат берүү боюнча документтер каралды. Жалпы 143 уруксат берилди, 206 арыз келип түшүп, 19 арыз ээсине баш тартуу чечими чыгарылды, ал эми 51 арыз кароодо турат (анын ичинен 22 арыз төлөнгөн эмес).
Эң көп суроо-талапка ээ болгон багыттар: Түркия – 5 287 адам, Улуу Британия – 5 284, Германия – 2 707, Болгария – 1 273 жана Россия – 1 463. Калган жарандар Европа жана Азия өлкөлөрүндө, круиздик лайнерлерде жана бир катар араб мамлекеттеринде ишке орношушту.
Уруксат берүү кызматтарынан республикалык бюджетке түшкөн киреше 572 миң сомду түздү. Мындан тышкары, Борбор 20 жаранга жалпы суммасы 1 130 603 сомду түзгөн акча каражаттарын кайтарып алууга көмөк көрсөткөн.
Бул чаралар ишке орноштуруу процесстерин уюшкан жана мыйзамдуу кылууга, мигранттардын укуктарын коргоого жана жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуугабагытталган.