11 айда 203,7 миң м³ карантиндик объект зыянсыздандырылды

11 айда 203,7 миң м³ карантиндик объект зыянсыздандырылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти карантинге алынган объекттерди газациялоо жана дегазациялоо ыкмасы менен зыянсыздандыруу иштерин уюштурууда.

Министрликтин маалыматына ылайык, 2025-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча аймактык башкармалыктар тарабынан газдык жана аэрозолдук ыкмалар аркылуу жалпы көлөмү 203 745 м³ болгон объекттерде зыянсыздандыруу иштери жүргүзүлдү. Бул иштер жыгач түп кармагычтарга, таңгактоочу жана бекитүүчү материалдарга, кургатылган мөмө-жемиштерге, дан жана буурчак өсүмдүктөрүнө, көчөттөргө, кампа жайларына жана үрөн чарбаларына карата аткарылды.

Аткарылган иштердин ичинен 156 960 м³ көлөмү көчөттөргө жана кампа жайларына туура келсе, 46 785 м³ таңгактоочу материалдарга, кургатылган мөмө-жемиштерге, дан жана буурчак өсүмдүктөрүнө тиешелүү болду.

Бул иш-чаралар өсүмдүк карантининин талаптарын сактоого, зыяндуу организмдердин жайылышын алдын алууга жана айыл чарба продукциясынын коопсуздугун камсыздоого багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто экс-мэр М.Мырзакматовдун мыйзамсыз жерлери тууралуу маселе коюлду

Ошто экс-мэр М.Мырзакматовдун мыйзамсыз жерлери тууралуу маселе коюлду

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов мыйзамсыз алган делген жерлерге байланыштуу иш учурда Ош шаардык сотунда каралууда. Бул тууралуу Жогорку соттун төрагасынын жарандык иштер боюнча орун басары Шералы Камчыбеков 10-апрелде Ош шаарында президент Садыр Жапаровдун эл менен жолугушуусунда билдирди. Мунун алдында Шаардык кеңештин депутаты Бекболот Арзибаев мамлекет башчы менен жолугушууда

Чүй облусунда тамчылатып сугаруу системасын орнотууга 12 млн сом бөлүнөт

Чүй облусунда тамчылатып сугаруу системасын орнотууга 12 млн сом бөлүнөт

Москва районундагы суу чарба башкармалыгы 30 гектар аянттагы жүгөрүнү сугаруу үчүн тамчылатып сугаруу системасын сатып алуу жана орнотуу боюнча тендер жарыялады. Тендердин жалпы суммасы 12 млн 105 миң сомду түзөт. Жумуштар 2026-жылдын май айынын аягына чейин бүтүрүлүшү керек. Жабдуучулардын сунуштары 24-апрелге чейин кабыл алынат. Буга чейин Суу ресурстары, айыл чарба

Талас облусунда элиталык сырлар чыгарыла баштайт

Талас облусунда элиталык сырлар чыгарыла баштайт

Талас облусунда элиталык сыр түрлөрү өндүрүлө баштарын Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду билдирди. Маалыматка ылайык, фонд жана Талас облусундагы алдыңкы сүт өндүрүүчүлөрдүн бири — "Эмилия" ЖЧКсы өндүрүш кубаттуулуктарын кеңейтүү боюнча долбоорду каржылоо келишимине кол коюшту. Жалпы инвестиция көлөмү 1,2 млн долларды түзөт. Талас облусунда биринчи жолу крем-чиз, фета жана маскарпоне

Президент Оштун экс-мэри Токторбаевдин катачылыктары оңдолорун билдирди

Президент Оштун экс-мэри Токторбаевдин катачылыктары оңдолорун билдирди

Президент Садыр Жапаров 10-апрелде Ош шаарынын жашоочулары менен жолугушууда калаанын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаевдин аша чапкан иштери болгонун билдирди.  Жапаров шаардагы имараттарды түрттүрүүдө кемчиликтер болгонун, мурдагы мэр бул жараянды баштардан мурун кенемте маселесин чечиши зарыл болгонун белгиледи.  Токторбаевдин бир катар жакшы иштери болгонун айткан мамлекет башчы бирок “снос өнөктүгүнө” байланыштуу