2026-жылдын январында Казакстанда 19 жумушчу күн болот, Кыргызстандачы?

2026-жылдын январында Казакстанда 19 жумушчу күн болот, Кыргызстандачы?

2026-жылдын башы казакстандыктарды узак майрам менен кубандырат. Январь айында тургундар Жаңы жыл майрамдары, дем алыш күндөрү жана Рождество майрамдарынан улам айдын дээрлик жарымын эс алышы күтүлөт.

Тengrinews.kz Казакстандыктар январь айында канча күн эс ала тургандыгын, бүгүн Казак Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлигине таянып жарыялашты. Ага ылайык, кошуна  мамлекетте 2026-жылдын январь айында дем алыш күндөрдүн графигине эч кандай өзгөртүүлөр киргизилбегендиги тастыкталды.

Билдирүүгө караганда, аларда январь айындагы эс алуу күндөрүнүн саны иш жумалыгынын узактыгына жараша болот:
·       5 күндүк иш жумалыгында казакстандыктар 12 күн эс алып, 19 күн иштешет;
·       6 күндүк иш жумалыгында - 7 күн гана эс алып, 24 жумушчу күн иштешет.

Тагыраагы казакстандыктардын 2026-жылдын январында эс алуу жана жумуш күндөрүнүн графиги төмөнкүдөй:

1 жана 2-январь Жаңы жылдык майрамдар;
3 жана 4-январь дем алыш күндөрү;
5 жана 6-январь жумуш күндөрү;
7-январь – Рождество майрамы.  

 Ал эми Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 2026-жылы Жаңы жылдык эс алууларды узартуу боюнча ири масштабдуу долбоорду коомдук талкууга койгондугу жарыяланган.

Бирок, азыркы тапта бул тууралуу токтом чыга электигин министрликтен кабарлашты. Сунушка ылайык, кыргызстандыктар 1-январдан 12-январга чейин, башкача айтканда, катары менен 11 күн үзгүлтүксүз эс алууга чыгышы мүмкүндүгү божомолдонууда.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто экс-мэр М.Мырзакматовдун мыйзамсыз жерлери тууралуу маселе коюлду

Ошто экс-мэр М.Мырзакматовдун мыйзамсыз жерлери тууралуу маселе коюлду

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов мыйзамсыз алган делген жерлерге байланыштуу иш учурда Ош шаардык сотунда каралууда. Бул тууралуу Жогорку соттун төрагасынын жарандык иштер боюнча орун басары Шералы Камчыбеков 10-апрелде Ош шаарында президент Садыр Жапаровдун эл менен жолугушуусунда билдирди. Мунун алдында Шаардык кеңештин депутаты Бекболот Арзибаев мамлекет башчы менен жолугушууда

Чүй облусунда тамчылатып сугаруу системасын орнотууга 12 млн сом бөлүнөт

Чүй облусунда тамчылатып сугаруу системасын орнотууга 12 млн сом бөлүнөт

Москва районундагы суу чарба башкармалыгы 30 гектар аянттагы жүгөрүнү сугаруу үчүн тамчылатып сугаруу системасын сатып алуу жана орнотуу боюнча тендер жарыялады. Тендердин жалпы суммасы 12 млн 105 миң сомду түзөт. Жумуштар 2026-жылдын май айынын аягына чейин бүтүрүлүшү керек. Жабдуучулардын сунуштары 24-апрелге чейин кабыл алынат. Буга чейин Суу ресурстары, айыл чарба

Талас облусунда элиталык сырлар чыгарыла баштайт

Талас облусунда элиталык сырлар чыгарыла баштайт

Талас облусунда элиталык сыр түрлөрү өндүрүлө баштарын Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду билдирди. Маалыматка ылайык, фонд жана Талас облусундагы алдыңкы сүт өндүрүүчүлөрдүн бири — "Эмилия" ЖЧКсы өндүрүш кубаттуулуктарын кеңейтүү боюнча долбоорду каржылоо келишимине кол коюшту. Жалпы инвестиция көлөмү 1,2 млн долларды түзөт. Талас облусунда биринчи жолу крем-чиз, фета жана маскарпоне

Президент Оштун экс-мэри Токторбаевдин катачылыктары оңдолорун билдирди

Президент Оштун экс-мэри Токторбаевдин катачылыктары оңдолорун билдирди

Президент Садыр Жапаров 10-апрелде Ош шаарынын жашоочулары менен жолугушууда калаанын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаевдин аша чапкан иштери болгонун билдирди.  Жапаров шаардагы имараттарды түрттүрүүдө кемчиликтер болгонун, мурдагы мэр бул жараянды баштардан мурун кенемте маселесин чечиши зарыл болгонун белгиледи.  Токторбаевдин бир катар жакшы иштери болгонун айткан мамлекет башчы бирок “снос өнөктүгүнө” байланыштуу