Бишкек мэриясы майыптыгы бар балдарга колдоо көрсөттү

Бишкек мэриясы майыптыгы бар балдарга колдоо көрсөттү

Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат кызматкерлеринин демилгеси менен мурда корпоративдик иш-чара өткөрүүгө пландалган профсоюз комитетинин каражаттары майыптыгы бар  балдарга социалдык колдоо көрсөтүүгө багытталды.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, бул алкактта шаар мэри Айбек Джунушалиев №30 атайын мектепке барды жана окуучуларга спорттук машыгуу жабдууларын тапшырды. Мэр окуучуларды жана педагогикалык жамаатты келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, балдарды Бишкек шаарынын мэринин жаңы жылдык балатысына чакырды.

Шаар башчысы мектептеги окуу жана жашоо шарттары менен таанышып, медициналык кабинетти жабдуу жана сапаттуу медициналык жана реабилитациялык жардам көрсөтүү үчүн мэриянын резервдик фондунан кошумча каражат бөлүү чечимин кабыл алды.

Буга чейин Свердлов акимиаты Эл аралык майыптар күнүнө карата мектепке медициналык жабдуулар: текшерүү столу, офтальмологиялык карта, дарылоо столу жана дары-дармек кутучасын сатып алган.

Белгилей кетсек, №30 атайын мектеп 1938-жылдан бери майыптыгы бар балдарга билим берип келет жана учурда 288 окуучу билим алууда.

Мындан тышкары окуңуз

УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Кыргызстанга кайтып келди

УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Кыргызстанга кайтып келди

Министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы орун басары жана УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн таң эрте Кыргызстанга кайтып келгенин социалдык тармактарда журналист Айбек Бийбосунов билдирди. Маалыматтарга караганда, саясатчы Манас эл аралык аэропортуна келип түшкөн. Ал дароо унаага отуруп кетип калгандыктан, журналисттер ага суроо узатууга жетишкен эмес. Буга чейин Ташиевдин тарапташы Нургазы Анаркулов

“Дөөлөт курулуш” компаниясынын объектилерин Курулуш министрлиги бүткөрөт

“Дөөлөт курулуш” компаниясынын объектилерин Курулуш министрлиги бүткөрөт

Бүгүн, 12-февралда Курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Дөөлөт курулуш” ЖЧКнын үлүш ээлери менен “Кудайберген” турак жай комплексинин курулуш объектисинде жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Иш-чарага министрдин орун басарлары, тиешелүү департаменттин жетекчилери жана компаниянын үлүш ээлери катышты. Белгилей кетсек, аталган компаниядан 4 жыл мурда турак жай сатып

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолу ачылды

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолу ачылды

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал тилкесине түшкөн кар көчкү тазаланып, бир тараптуу каттам ачылганын "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда №24 Жол тейлөө мекемеси тарабынан тазалоо иштери улантылып, жолду эки тараптуу ачуу аракети көрүлүүдө. Ишке 3 даана жүктөгүч унаа, 2 грейдер, 1 Howo унаасы жана 12 киши

Таиланд визасыз жүрүү мөөнөтүн 30 күнгө чейин кыскартты

Таиланд визасыз жүрүү мөөнөтүн 30 күнгө чейин кыскартты

Таиланд 90дон ашык өлкөнүн жарандары үчүн визасыз жүрүү мөөнөтүн 60 күндөн 30 күнгө чейин кыскартышы мүмкүн экенин Bangkok Post гезити жазды. Туризм жана спорт министрлигинин маалыматына ылайык, бул чара падышалыктын туристтик тармагына терс таасирин тийгизбеши керек, анткени чет элдик туристтердин көпчүлүгү өлкөдө орточо эсеп менен бир айдан аз убакыт болушат.