Эт импорту боюнча тарифтик квоталар санарип форматка өткөрүлүүдө

Эт импорту боюнча тарифтик квоталар санарип форматка өткөрүлүүдө

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги айрым эт түрлөрүн импорттоого берилүүчү тарифтик квоталар боюнча арыздарды иштеп чыгуу үчүн жаңы автоматташтырылган маалыматтык системаны тажрыйбалык эксплуатацияга киргизүүдө.

Министрликтин маалыматына ылайык, жаңы система тарифтик квоталарды башкаруу процессин санарип форматка өткөрүүгө багытталып, арыздарды кабыл алуу, текшерүү жана бөлүштүрүү жол-жоболорун автоматташтырат. Анын жардамы менен министрликтин ишинин ачыктыгы жана натыйжалуулугу жогорулап, жеткирүүчүлөр менен мамлекеттик органдардын ортосунда бирдиктүү санариптик өз ара аракеттенүү мейкиндиги түзүлөт.

Система аркылуу жеткирүүчүлөр quota.agro.gov.kg порталына онлайн катталып, тарифтик квоталарга электрондук арыз бере алышат, арыздардын жүрүшүн көзөмөлдөп, электрондук почта аркылуу билдирмелерди алып турушат. Ошондой эле компаниялар боюнча маалыматтар тиешелүү мамлекеттик базалар аркылуу автоматтык текшерүүдөн өтүп, тарифтик квоталар белгиленген тартипте бөлүштүрүлөт.

Жаңы автоматташтырылган маалыматтык системаны киргизүү тарифтик квоталарды бөлүштүрүүдө кагазсыз документке өтүүгө, адам факторунун таасирин азайтууга жана чечим кабыл алуу процессин ачык жүргүзүүгө шарт түзөт. Натыйжада арыздарды кароо мөөнөттөрү кыскарып, квоталоо системасына бизнес коомчулугунун ишеними артат.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто экс-мэр М.Мырзакматовдун мыйзамсыз жерлери тууралуу маселе коюлду

Ошто экс-мэр М.Мырзакматовдун мыйзамсыз жерлери тууралуу маселе коюлду

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов мыйзамсыз алган делген жерлерге байланыштуу иш учурда Ош шаардык сотунда каралууда. Бул тууралуу Жогорку соттун төрагасынын жарандык иштер боюнча орун басары Шералы Камчыбеков 10-апрелде Ош шаарында президент Садыр Жапаровдун эл менен жолугушуусунда билдирди. Мунун алдында Шаардык кеңештин депутаты Бекболот Арзибаев мамлекет башчы менен жолугушууда

Чүй облусунда тамчылатып сугаруу системасын орнотууга 12 млн сом бөлүнөт

Чүй облусунда тамчылатып сугаруу системасын орнотууга 12 млн сом бөлүнөт

Москва районундагы суу чарба башкармалыгы 30 гектар аянттагы жүгөрүнү сугаруу үчүн тамчылатып сугаруу системасын сатып алуу жана орнотуу боюнча тендер жарыялады. Тендердин жалпы суммасы 12 млн 105 миң сомду түзөт. Жумуштар 2026-жылдын май айынын аягына чейин бүтүрүлүшү керек. Жабдуучулардын сунуштары 24-апрелге чейин кабыл алынат. Буга чейин Суу ресурстары, айыл чарба

Талас облусунда элиталык сырлар чыгарыла баштайт

Талас облусунда элиталык сырлар чыгарыла баштайт

Талас облусунда элиталык сыр түрлөрү өндүрүлө баштарын Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду билдирди. Маалыматка ылайык, фонд жана Талас облусундагы алдыңкы сүт өндүрүүчүлөрдүн бири — "Эмилия" ЖЧКсы өндүрүш кубаттуулуктарын кеңейтүү боюнча долбоорду каржылоо келишимине кол коюшту. Жалпы инвестиция көлөмү 1,2 млн долларды түзөт. Талас облусунда биринчи жолу крем-чиз, фета жана маскарпоне

Президент Оштун экс-мэри Токторбаевдин катачылыктары оңдолорун билдирди

Президент Оштун экс-мэри Токторбаевдин катачылыктары оңдолорун билдирди

Президент Садыр Жапаров 10-апрелде Ош шаарынын жашоочулары менен жолугушууда калаанын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаевдин аша чапкан иштери болгонун билдирди.  Жапаров шаардагы имараттарды түрттүрүүдө кемчиликтер болгонун, мурдагы мэр бул жараянды баштардан мурун кенемте маселесин чечиши зарыл болгонун белгиледи.  Токторбаевдин бир катар жакшы иштери болгонун айткан мамлекет башчы бирок “снос өнөктүгүнө” байланыштуу