Баткенде прокуратуранын жаңы административдик имараты ачылды
Башкы прокурор Максат Асаналиев Баткен районунун прокуратурасынын жаңы административдик имаратын ачып, расмий түрдө пайдаланууга берди.
Ведомствонун маалыматына ылайык, иш-чарага мамлекеттик бийлик органдарынын, укук коргоо түзүмдөрүнүн жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Башкы прокурор жаңы имараттын ачылышын өлкөдө мыйзамдуулукту чыңдоого багытталган маанилүү кадам катары баалап, анын ишке берилиши жөн гана курулушту пайдаланууга тапшыруу эмес, коомдо адилеттүүлүк жана мыйзамдуулукту бекемдөөгө багытталган ишмердүүлүктүн натыйжасы экенин белгиледи.
Жаңы административдик имарат кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылат. Ошондой эле жарандарды кабыл алуу үчүн жеткиликтүү, ачык жана ыңгайлуу бөлмөлөр каралган.


