Манас шаарында ири маданий объекттер курулат

Манас шаарында ири маданий объекттер курулат

Манас шаарында 3 миң 200 орундуу филармония жана заманбап музейдин курулушу пландалууда. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында маалымдады.

Анын айтымында, соңку мезгилде маданият тармагында бир катар маанилүү иштер аткарылып, мекемелердин имараттары капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, материалдык-техникалык базасы чыңдалды. Айрыкча Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин жаңы окуу корпусунун курулушуна 990 миллион сом бөлүнгөн. Ошондой эле М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын окуу корпусун курууга 750 миллион сом каралган.

МинКаб Төрагасы белгилегендей, маданий инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган мындай долбоорлор өлкөнүн бардык аймактарында ишке ашырылууда. Мындан тышкары, 2025-жылдын 10-декабрында Кыргызстандын улуттук суусундугу – максым ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилиши өлкө үчүн маанилүү жетишкендик болгон.

Мындан тышкары окуңуз

УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Кыргызстанга кайтып келди

УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Кыргызстанга кайтып келди

Министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы орун басары жана УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн таң эрте Кыргызстанга кайтып келгенин социалдык тармактарда журналист Айбек Бийбосунов билдирди. Маалыматтарга караганда, саясатчы Манас эл аралык аэропортуна келип түшкөн. Ал дароо унаага отуруп кетип калгандыктан, журналисттер ага суроо узатууга жетишкен эмес. Буга чейин Ташиевдин тарапташы Нургазы Анаркулов

“Дөөлөт курулуш” компаниясынын объектилерин Курулуш министрлиги бүткөрөт

“Дөөлөт курулуш” компаниясынын объектилерин Курулуш министрлиги бүткөрөт

Бүгүн, 12-февралда Курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Дөөлөт курулуш” ЖЧКнын үлүш ээлери менен “Кудайберген” турак жай комплексинин курулуш объектисинде жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Иш-чарага министрдин орун басарлары, тиешелүү департаменттин жетекчилери жана компаниянын үлүш ээлери катышты. Белгилей кетсек, аталган компаниядан 4 жыл мурда турак жай сатып

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолу ачылды

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолу ачылды

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал тилкесине түшкөн кар көчкү тазаланып, бир тараптуу каттам ачылганын "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда №24 Жол тейлөө мекемеси тарабынан тазалоо иштери улантылып, жолду эки тараптуу ачуу аракети көрүлүүдө. Ишке 3 даана жүктөгүч унаа, 2 грейдер, 1 Howo унаасы жана 12 киши

Таиланд визасыз жүрүү мөөнөтүн 30 күнгө чейин кыскартты

Таиланд визасыз жүрүү мөөнөтүн 30 күнгө чейин кыскартты

Таиланд 90дон ашык өлкөнүн жарандары үчүн визасыз жүрүү мөөнөтүн 60 күндөн 30 күнгө чейин кыскартышы мүмкүн экенин Bangkok Post гезити жазды. Туризм жана спорт министрлигинин маалыматына ылайык, бул чара падышалыктын туристтик тармагына терс таасирин тийгизбеши керек, анткени чет элдик туристтердин көпчүлүгү өлкөдө орточо эсеп менен бир айдан аз убакыт болушат.