Рейдердик басып алууга жол берген “МБЭ Групптун” башкы директору кармалып, негиздөөчүсү издөөгө алынды

Рейдердик басып алууга жол берген “МБЭ Групптун” башкы директору кармалып, негиздөөчүсү издөөгө алынды

УКМКнын дарегине «Альянс Курулуш Плюс» ЖЧКга таандык, Бишкектин 3-кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн үлүштүк курулушунун катышуучулары, турак жайдын курулушуна активдүү тоскоолдук жасап, имараттагы коммерциялык мүлктү рейдерлик жол аркылуу басып алган «МБЭ Групп» компаниясынын ээси «М.Б.Э.» жана ага тиешелүү болгон тараптарга карата чара көрүү өтүнүчү менен жамааттык арыз жазып кайрылышкан.

УКМКнын басма сөз кызматынан карабалагандай, жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында аныкталган маалыматтар боюнча, 2016-жылы «М.Б.Э.» менен «Альянс Курулуш Плюс» ЖЧК компаниясынын өкүлү катары КРнын жараны «А.М.»дин ортосунда Бишкек шаарынын 3-кичи районунда социалдык, маданий жана тиричилик объектилери бар турак жай имаратын куруу боюнча биргелешкен иш-аракеттер жөнүндө келишим түзүлгөн.

Бирок, 2018-жылы өз ара пикир келишпестиктердин келип чыгуусунан улам, «М.Б.Э.» маркум К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнүн жардамы аркылуу, курулуш компаниясынын жетекчилигинен коркутуу жолу менен аталган объектидеги коммерциялык жайды тартып алып, өзүнүн жакын тууганына каттаткан.

2025-жылдын 23-декабрында, аталган факты боюнча чогултулган материалдардын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында «МБЭ Групп» компаниясынын башкы директору «Ш.Б.Г.» кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, компаниянын негиздөөчүсү «М.Б.Э.»ге карата издөө жарыяланды.

Кылмыш иши боюнча тергөө жана ыкчам иш-чаралар уланууда. 

Мындан тышкары окуңуз

Ошто экс-мэр М.Мырзакматовдун мыйзамсыз жерлери тууралуу маселе коюлду

Ошто экс-мэр М.Мырзакматовдун мыйзамсыз жерлери тууралуу маселе коюлду

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов мыйзамсыз алган делген жерлерге байланыштуу иш учурда Ош шаардык сотунда каралууда. Бул тууралуу Жогорку соттун төрагасынын жарандык иштер боюнча орун басары Шералы Камчыбеков 10-апрелде Ош шаарында президент Садыр Жапаровдун эл менен жолугушуусунда билдирди. Мунун алдында Шаардык кеңештин депутаты Бекболот Арзибаев мамлекет башчы менен жолугушууда

Чүй облусунда тамчылатып сугаруу системасын орнотууга 12 млн сом бөлүнөт

Чүй облусунда тамчылатып сугаруу системасын орнотууга 12 млн сом бөлүнөт

Москва районундагы суу чарба башкармалыгы 30 гектар аянттагы жүгөрүнү сугаруу үчүн тамчылатып сугаруу системасын сатып алуу жана орнотуу боюнча тендер жарыялады. Тендердин жалпы суммасы 12 млн 105 миң сомду түзөт. Жумуштар 2026-жылдын май айынын аягына чейин бүтүрүлүшү керек. Жабдуучулардын сунуштары 24-апрелге чейин кабыл алынат. Буга чейин Суу ресурстары, айыл чарба

Талас облусунда элиталык сырлар чыгарыла баштайт

Талас облусунда элиталык сырлар чыгарыла баштайт

Талас облусунда элиталык сыр түрлөрү өндүрүлө баштарын Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду билдирди. Маалыматка ылайык, фонд жана Талас облусундагы алдыңкы сүт өндүрүүчүлөрдүн бири — "Эмилия" ЖЧКсы өндүрүш кубаттуулуктарын кеңейтүү боюнча долбоорду каржылоо келишимине кол коюшту. Жалпы инвестиция көлөмү 1,2 млн долларды түзөт. Талас облусунда биринчи жолу крем-чиз, фета жана маскарпоне

Президент Оштун экс-мэри Токторбаевдин катачылыктары оңдолорун билдирди

Президент Оштун экс-мэри Токторбаевдин катачылыктары оңдолорун билдирди

Президент Садыр Жапаров 10-апрелде Ош шаарынын жашоочулары менен жолугушууда калаанын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаевдин аша чапкан иштери болгонун билдирди.  Жапаров шаардагы имараттарды түрттүрүүдө кемчиликтер болгонун, мурдагы мэр бул жараянды баштардан мурун кенемте маселесин чечиши зарыл болгонун белгиледи.  Токторбаевдин бир катар жакшы иштери болгонун айткан мамлекет башчы бирок “снос өнөктүгүнө” байланыштуу