2025-жылдын III кварталында 800дөн ашык кароосуз калган бала үй-бүлө тапты

2025-жылдын III кварталында 800дөн ашык кароосуз калган бала үй-бүлө тапты

2025-жылдын III кварталында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ата-энесинин камкордугусуз калган балдар менен иштөө боюнча  жыйынтыктарды билдирди.

Аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлагандай, кварталдын жыйынтыгына ылайык, 492 бала камкордукка берилсе, 370 бала улуттук асыроого өткөрүлдү, дагы 2 бала чет өлкөлүк жарандар тарабынан асырап алынды.

Балдарды кабыл алган бардык үй-бүлөлөр милдеттүү түрдө каттоодон өтүп, камкордук органдарынын туруктуу көзөмөлүндө турат. Бул балдардын тийиштүү камкордугу, тарбиясы жана укуктарынын корголушу камсыздалышын шарттайт.

Эске салсак, балдарды асырап алуу жана камкордукка берүү КРнын балдар жөнүндө мыйзамдары, ошондой эле балдарды өлкө жарандарга жана чет өлкөлүк жарандарга өткөрүп берүү тууралуу жоболор менен жөнгө салынат.

Бул чаралар ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн коопсуз жана колдоочу чөйрөнү түзүүгө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Чүй облусунда тамчылатып сугаруу системасын орнотууга 12 млн сом бөлүнөт

Чүй облусунда тамчылатып сугаруу системасын орнотууга 12 млн сом бөлүнөт

Москва районундагы суу чарба башкармалыгы 30 гектар аянттагы жүгөрүнү сугаруу үчүн тамчылатып сугаруу системасын сатып алуу жана орнотуу боюнча тендер жарыялады. Тендердин жалпы суммасы 12 млн 105 миң сомду түзөт. Жумуштар 2026-жылдын май айынын аягына чейин бүтүрүлүшү керек. Жабдуучулардын сунуштары 24-апрелге чейин кабыл алынат. Буга чейин Суу ресурстары, айыл чарба

Талас облусунда элиталык сырлар чыгарыла баштайт

Талас облусунда элиталык сырлар чыгарыла баштайт

Талас облусунда элиталык сыр түрлөрү өндүрүлө баштарын Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду билдирди. Маалыматка ылайык, фонд жана Талас облусундагы алдыңкы сүт өндүрүүчүлөрдүн бири — "Эмилия" ЖЧКсы өндүрүш кубаттуулуктарын кеңейтүү боюнча долбоорду каржылоо келишимине кол коюшту. Жалпы инвестиция көлөмү 1,2 млн долларды түзөт. Талас облусунда биринчи жолу крем-чиз, фета жана маскарпоне

Президент Оштун экс-мэри Токторбаевдин катачылыктары оңдолорун билдирди

Президент Оштун экс-мэри Токторбаевдин катачылыктары оңдолорун билдирди

Президент Садыр Жапаров 10-апрелде Ош шаарынын жашоочулары менен жолугушууда калаанын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаевдин аша чапкан иштери болгонун билдирди.  Жапаров шаардагы имараттарды түрттүрүүдө кемчиликтер болгонун, мурдагы мэр бул жараянды баштардан мурун кенемте маселесин чечиши зарыл болгонун белгиледи.  Токторбаевдин бир катар жакшы иштери болгонун айткан мамлекет башчы бирок “снос өнөктүгүнө” байланыштуу

Ош облусунда 167 дарыгер жетишпейт

Ош облусунда 167 дарыгер жетишпейт

Азыркы учурда Ош облусу 125 дарыгерге, Ош шаары 43 дарыгерге муктаж экенин Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди. Дарыгерлердин муктаждыгын азайтуу жана саламаттык сактоо кызматкерлерин кармап калуу багытында дарыгерлердин эмгек акыларын көтөрүү, “Дарыгер депозити” программасын активдештирүү, дарыгерлер менен мугалимдердин кадыр-баркын сактоо максатында “бейбаштык” боюнча жазаларды күчөтүү сыяктуу