2030-жылга чейин айылдарга дагы ипотекалык үйлөр курулат

2030-жылга чейин айылдарга дагы ипотекалык үйлөр курулат

Президент Садыр Жапаров IV Элдик курултайда сүйлөп жатып, 2030-жылга чейин айыл жерлеринде дагы ипотекалык турак жайлар курула турганын билдирди.

Мамлекет башчынын айтымында, облустук деңгээлдеги шаарлардагы курулуш иштери бүткөндөн кийин, 33 кичи шаарда жана 44 райондо турак жайлар курулуп, андан кийин айылдарга чейин жайылтылат.

Ошондой эле өлкө башчысы Мамлекеттик ипотекалык турак жайлардын бааларына токтолду. Ал белгилегендей, мурда жеке курулуш компаниялары үйлөрдү чарчы метрин 600-700 доллардан курууну сунуш кылышкан, бирок макул болбой, милдеттүү түрдө 1 000 доллардан гана салууга макул болушкан. Мындан улам, мамлекет "Кыргызстройсервис" мамлекеттик компаниясын ачып, “Мурас” конушунда чарчы метрин 700 доллардан куруп, Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүп берүүдө.

Президенттин айтымында, Мамлекеттик ипотекалык компания квартирлерди калкка 25 жылга, чарчы метрин 950 доллардан сунуштап жатат, бул баага инфляция да кирген.

Мындан тышкары окуңуз

Чүй облусунда тамчылатып сугаруу системасын орнотууга 12 млн сом бөлүнөт

Чүй облусунда тамчылатып сугаруу системасын орнотууга 12 млн сом бөлүнөт

Москва районундагы суу чарба башкармалыгы 30 гектар аянттагы жүгөрүнү сугаруу үчүн тамчылатып сугаруу системасын сатып алуу жана орнотуу боюнча тендер жарыялады. Тендердин жалпы суммасы 12 млн 105 миң сомду түзөт. Жумуштар 2026-жылдын май айынын аягына чейин бүтүрүлүшү керек. Жабдуучулардын сунуштары 24-апрелге чейин кабыл алынат. Буга чейин Суу ресурстары, айыл чарба

Талас облусунда элиталык сырлар чыгарыла баштайт

Талас облусунда элиталык сырлар чыгарыла баштайт

Талас облусунда элиталык сыр түрлөрү өндүрүлө баштарын Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду билдирди. Маалыматка ылайык, фонд жана Талас облусундагы алдыңкы сүт өндүрүүчүлөрдүн бири — "Эмилия" ЖЧКсы өндүрүш кубаттуулуктарын кеңейтүү боюнча долбоорду каржылоо келишимине кол коюшту. Жалпы инвестиция көлөмү 1,2 млн долларды түзөт. Талас облусунда биринчи жолу крем-чиз, фета жана маскарпоне

Президент Оштун экс-мэри Токторбаевдин катачылыктары оңдолорун билдирди

Президент Оштун экс-мэри Токторбаевдин катачылыктары оңдолорун билдирди

Президент Садыр Жапаров 10-апрелде Ош шаарынын жашоочулары менен жолугушууда калаанын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаевдин аша чапкан иштери болгонун билдирди.  Жапаров шаардагы имараттарды түрттүрүүдө кемчиликтер болгонун, мурдагы мэр бул жараянды баштардан мурун кенемте маселесин чечиши зарыл болгонун белгиледи.  Токторбаевдин бир катар жакшы иштери болгонун айткан мамлекет башчы бирок “снос өнөктүгүнө” байланыштуу

Ош облусунда 167 дарыгер жетишпейт

Ош облусунда 167 дарыгер жетишпейт

Азыркы учурда Ош облусу 125 дарыгерге, Ош шаары 43 дарыгерге муктаж экенин Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди. Дарыгерлердин муктаждыгын азайтуу жана саламаттык сактоо кызматкерлерин кармап калуу багытында дарыгерлердин эмгек акыларын көтөрүү, “Дарыгер депозити” программасын активдештирүү, дарыгерлер менен мугалимдердин кадыр-баркын сактоо максатында “бейбаштык” боюнча жазаларды күчөтүү сыяктуу