Бишкекте №62 "Баластан" бала бакчасы ачылды
Күн мурун IV Элдик курултайдын алкагында өлкө боюнча 94 социалдык жана өндүрүштүк объектилердин ачылышына онлайн старт берилди. Анын ичинде Бишкек шаарында 5 социалдык жана 1 өндүрүштүк объект пайдаланууга берилди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Свердлов районунда №62 "Баластан" бала бакчасы салтанаттуу түрдө ачылды. Иш-чарага Бишкек шаар мэриясынын аппаратынын жетекчиси Илияс Колопов, Свердлов районунун акиминин орун басары Айнура Арстамбекова, Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева жана бала бакчанын директору Аида Суранчиева катышты.
Бала бакчанын жалпы аянты 2 794,6 чарчы метрди түзөт. Ал 360 орунга ылайыкталган, бирок заманбап усулдардын негизинде 560 балага чейин кабыл алууга мүмкүнчүлүк бар. Жалпы 18 топ уюштурулуп, окуу-тарбия иштери кыргыз тилинде жүргүзүлөт.
Эки кабаттуу заманбап имарат бардык талаптарга жооп берет. Аймагы көрктөндүрүлүп, 14 оюн аянтчасы заманбап жабдуулар менен камсыздалган.
Бала бакчанын курулушу 2025-жылдын июнь айында башталып, долбоор Бишкек шаар мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан ишке ашырылган. Подрядчы — "Лидер Хаус" ЖЧК.


