Быйыл "Кыргызкөмүр" 1 млн 350 миң тонна көмүр өндүрүп, план 115%га аткарды

Быйыл "Кыргызкөмүр" 1 млн 350 миң тонна көмүр өндүрүп, план 115%га аткарды

2025-жылы "Кыргызкөмүр" ишканасы көмүр тармагындагы позициясын бекемдеп, өндүрүштүк көрсөткүчтөрдү ийгиликтүү жогорулатты. Жыл жыйынтыгы менен Кара-Кече кенинде жана башка участоктордо көмүр казып алуу пландан ашыкча аткарылып, жалпы өндүрүш көлөмү 1 млн 350 миң тоннага жетти. Бул пландык көрсөткүчтөрдүн 115%ын түзөт.

Өндүрүштүн туруктуу жүрүшү Бишкек ЖЭБин жана өлкө калкын көмүр менен үзгүлтүксүз камсыздоого шарт түздү. Күз-кыш мезгилине карата көмүр жеткирүү бекитилген графикке ылайык өз убагында аткарылды.

2025-жылы ишкананын техникалык базасын чыңдоого өзгөчө көңүл бурулуп, 41 даана заманбап техника сатылып алынды. Ошондой эле Кара-Кече кенинде көмүрдү сорттоо комплекстери ишке киргизилип, көмүрдүн сапаты жогорулатылды.

Мындан тышкары, жыл ичинде Кожо-Келен, Бешбурхан, Сүлүктү талаа–11, Маркай жана Торугарт-1 кендери ишке киргизилип, жаңы участоктордо өндүрүш иштери башталды. Көмүр экспортун жөнгө салуунун алкагында "Кыргызкөмүр" 400 миң тоннадан ашык көмүрдү экспорттоду.

2025-жылы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканадан ачык акционердик коомго өтүп, башкаруунун заманбап моделине ылайык туруктуу ишмердүүлүгүн улантууда.

Мындан тышкары окуңуз

Чүй облусунда тамчылатып сугаруу системасын орнотууга 12 млн сом бөлүнөт

Чүй облусунда тамчылатып сугаруу системасын орнотууга 12 млн сом бөлүнөт

Москва районундагы суу чарба башкармалыгы 30 гектар аянттагы жүгөрүнү сугаруу үчүн тамчылатып сугаруу системасын сатып алуу жана орнотуу боюнча тендер жарыялады. Тендердин жалпы суммасы 12 млн 105 миң сомду түзөт. Жумуштар 2026-жылдын май айынын аягына чейин бүтүрүлүшү керек. Жабдуучулардын сунуштары 24-апрелге чейин кабыл алынат. Буга чейин Суу ресурстары, айыл чарба

Талас облусунда элиталык сырлар чыгарыла баштайт

Талас облусунда элиталык сырлар чыгарыла баштайт

Талас облусунда элиталык сыр түрлөрү өндүрүлө баштарын Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду билдирди. Маалыматка ылайык, фонд жана Талас облусундагы алдыңкы сүт өндүрүүчүлөрдүн бири — "Эмилия" ЖЧКсы өндүрүш кубаттуулуктарын кеңейтүү боюнча долбоорду каржылоо келишимине кол коюшту. Жалпы инвестиция көлөмү 1,2 млн долларды түзөт. Талас облусунда биринчи жолу крем-чиз, фета жана маскарпоне

Президент Оштун экс-мэри Токторбаевдин катачылыктары оңдолорун билдирди

Президент Оштун экс-мэри Токторбаевдин катачылыктары оңдолорун билдирди

Президент Садыр Жапаров 10-апрелде Ош шаарынын жашоочулары менен жолугушууда калаанын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаевдин аша чапкан иштери болгонун билдирди.  Жапаров шаардагы имараттарды түрттүрүүдө кемчиликтер болгонун, мурдагы мэр бул жараянды баштардан мурун кенемте маселесин чечиши зарыл болгонун белгиледи.  Токторбаевдин бир катар жакшы иштери болгонун айткан мамлекет башчы бирок “снос өнөктүгүнө” байланыштуу

Ош облусунда 167 дарыгер жетишпейт

Ош облусунда 167 дарыгер жетишпейт

Азыркы учурда Ош облусу 125 дарыгерге, Ош шаары 43 дарыгерге муктаж экенин Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди. Дарыгерлердин муктаждыгын азайтуу жана саламаттык сактоо кызматкерлерин кармап калуу багытында дарыгерлердин эмгек акыларын көтөрүү, “Дарыгер депозити” программасын активдештирүү, дарыгерлер менен мугалимдердин кадыр-баркын сактоо максатында “бейбаштык” боюнча жазаларды күчөтүү сыяктуу