Чоң-Алайда заманбап мал союучу жай ишке кирди

Чоң-Алайда заманбап мал союучу жай ишке кирди

25-декабрда Чоң-Алай районуна караштуу Дароот-Коргон айылында заманбап талаптарга жооп берген мал союлуучу жайдын салтанаттуу ачылышы болду. Иш-чарага Президент Садыр Жапаров онлайн катышты.

Ачылышка жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ишкерлер, ветеринардык кызматтар, фермерлер жана айыл тургундары катышты. Жаңы объект санитардык-гигиеналык нормаларга толук жооп берип, эт азыктарын коопсуз жана сапаттуу даярдоого багытталган. Мал союу процесси эл аралык стандарттарга ылайык жүргүзүлүп, ветеринардык көзөмөл толук камсыздалат.

Ачылыш аземинде бул жайдын аймактагы мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө, фермерлер үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө жана калкты таза, текшерүүдөн өткөн эт азыктары менен камсыздоого чоң салым кошору белгиленди. Жаңы ишканада бир нече туруктуу жумуш орундары түзүлүп, жергиликтүү экономиканын өсүшүнө өбөлгө болот.

Мал союлуучу жай заманбап жабдуулар менен камсыздалып, калдыктарды кайра иштетүү жана айлана-чөйрөгө терс таасирин азайтуу технологиялары колдонулат. Ишкананын жетекчилиги келечекте өндүрүш көлөмүн кеңейтип, этти кайра иштетүү жана таңгактоо кызматтарын да жолго коюу пландарын билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Чүй облусунда тамчылатып сугаруу системасын орнотууга 12 млн сом бөлүнөт

Чүй облусунда тамчылатып сугаруу системасын орнотууга 12 млн сом бөлүнөт

Москва районундагы суу чарба башкармалыгы 30 гектар аянттагы жүгөрүнү сугаруу үчүн тамчылатып сугаруу системасын сатып алуу жана орнотуу боюнча тендер жарыялады. Тендердин жалпы суммасы 12 млн 105 миң сомду түзөт. Жумуштар 2026-жылдын май айынын аягына чейин бүтүрүлүшү керек. Жабдуучулардын сунуштары 24-апрелге чейин кабыл алынат. Буга чейин Суу ресурстары, айыл чарба

Талас облусунда элиталык сырлар чыгарыла баштайт

Талас облусунда элиталык сырлар чыгарыла баштайт

Талас облусунда элиталык сыр түрлөрү өндүрүлө баштарын Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду билдирди. Маалыматка ылайык, фонд жана Талас облусундагы алдыңкы сүт өндүрүүчүлөрдүн бири — "Эмилия" ЖЧКсы өндүрүш кубаттуулуктарын кеңейтүү боюнча долбоорду каржылоо келишимине кол коюшту. Жалпы инвестиция көлөмү 1,2 млн долларды түзөт. Талас облусунда биринчи жолу крем-чиз, фета жана маскарпоне

Президент Оштун экс-мэри Токторбаевдин катачылыктары оңдолорун билдирди

Президент Оштун экс-мэри Токторбаевдин катачылыктары оңдолорун билдирди

Президент Садыр Жапаров 10-апрелде Ош шаарынын жашоочулары менен жолугушууда калаанын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаевдин аша чапкан иштери болгонун билдирди.  Жапаров шаардагы имараттарды түрттүрүүдө кемчиликтер болгонун, мурдагы мэр бул жараянды баштардан мурун кенемте маселесин чечиши зарыл болгонун белгиледи.  Токторбаевдин бир катар жакшы иштери болгонун айткан мамлекет башчы бирок “снос өнөктүгүнө” байланыштуу

Ош облусунда 167 дарыгер жетишпейт

Ош облусунда 167 дарыгер жетишпейт

Азыркы учурда Ош облусу 125 дарыгерге, Ош шаары 43 дарыгерге муктаж экенин Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди. Дарыгерлердин муктаждыгын азайтуу жана саламаттык сактоо кызматкерлерин кармап калуу багытында дарыгерлердин эмгек акыларын көтөрүү, “Дарыгер депозити” программасын активдештирүү, дарыгерлер менен мугалимдердин кадыр-баркын сактоо максатында “бейбаштык” боюнча жазаларды күчөтүү сыяктуу