Кара-Сууда заманбап этти кайра иштетүү ишканасы ишке кирди
Ош облусунун Кара-Суу районунда "Жети-Баатыр" ЖЧКсына караштуу этти кайра иштетүү ишканасынын ачылыш аземи онлайн форматта өттү. Иш-чарага Президент Садыр Жапаров онлайн катышты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Ачылышка ошондой эле министрдин орун басары Бектур Тунсунбекович жана Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин Ош облусу боюнча региондук башкармалыгынын башчысы М. Турдуев катышты.
Ишкана 2025-жылы ишке ашырылуучу планга киргизилген 63 объекттин катарында орун алып, өлкөдө кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү долбоорлордун бири болуп саналат. Жаңы ачылган ишкана заманбап технологиялар менен жабдылып, этти кайра иштетүү боюнча бардык санитардык жана техникалык талаптарга толук жооп берет.
Ишкананын ишке кириши аймактагы мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө, кошумча жумуш орундарын түзүүгө жана ички рынокту сапаттуу эт азыктары менен камсыздоого өбөлгө түзөт.