Прокуратура мамлекеттик сатып алуулардагы 15,9 млн сомдук мыйзам бузууну аныктады

Прокуратура мамлекеттик сатып алуулардагы 15,9 млн сомдук мыйзам бузууну аныктады

Прокуратура тарабынан Жазык-аткаруу тутумунун органдары жана мекемелеринде мамлекеттик сатып алууларды мыйзамдуулук боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Текшерүүдө, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында жооптуу кызмат адамдары 2025-жылы түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан соттолгондорду жана камактагы шектүүлөрдү балык менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлгөн сатып алууларда тоңдурулган балыктарды ашыкча баада алгандыгы аныкталды. Натыйжада мамлекетке 15,9 млн сом зыян келтирилген.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча кылмыш ишинин козголушуна себеп болду. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Кара-Сууда заманбап этти кайра иштетүү ишканасы ишке кирди

Кара-Сууда заманбап этти кайра иштетүү ишканасы ишке кирди

Ош облусунун Кара-Суу районунда "Жети-Баатыр" ЖЧКсына караштуу этти кайра иштетүү ишканасынын ачылыш аземи онлайн форматта өттү. Иш-чарага Президент Садыр Жапаров онлайн катышты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Ачылышка ошондой эле министрдин орун басары Бектур Тунсунбекович жана Кайра иштетүү өнөр жайы

Бишкекте соода процедураларын жөнөкөйлөтүү боюнча 14-жыйын өттү

Бишкекте соода процедураларын жөнөкөйлөтүү боюнча 14-жыйын өттү

Бишкек шаарында мамлекеттик органдардын, бизнес коомчулуктун жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрүн бириктирген Соода процедураларын жөнөкөйлөтүү боюнча кеңештин (СПЖК) 14-жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Жыйындын алкагында 2025-жыл үчүн СПЖКнын 2025–2027-жылдарга карата планынын ишке ашырылышынын жыйынтыктары чыгарылып, Кыргыз Республикасында соода процедураларын жөнөкөйлөтүү боюнча мындан аркы стратегиялык

Иш издесең 1221 номерине чал

Иш издесең 1221 номерине чал

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2026-жылдан тарта ишкерлерге https://jumush.gov.kg порталына Кыргызстандын аймагында жаңы түзүлгөн же бош турган ар бир жумуш орду тууралуу маалымат жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн берерин 24.kg агенттигине ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жумуш издеп жүргөн жарандар аталган портал аркылуу бош жумуш орундар

Мамлекеттик ишканалар таза кирешесинин 50%ын бюджетке которуудан бошотулат

Мамлекеттик ишканалар таза кирешесинин 50%ын бюджетке которуудан бошотулат

Кыргызстанда мамлекеттик ишканалардын материалдык-техникалык базасын жаңылоону жана модернизациялоону колдоо максатында алардын таза кирешесин пайдалануу тартиби кайра каралды. Токтомго ылайык, мамлекеттик ишканалар 2022–2030-жылдар аралыгында таза кирешесинин 50%ын республикалык бюджетке которуудан бошотулат. 2026–2030-жылдары бул каражаттарды: * өндүрүштү өнүктүрүүгө, * модернизациялоого, * материалдык-техникалык базаны кеңейтүүгө багыттоого уруксат берилет. Мындан тышкары, мамлекетт