ӨКМ: Тоңгон көлмөлөрдөгү муз жарылып кетиши мүмкүн, этият болуңуз

ӨКМ: Тоңгон көлмөлөрдөгү муз жарылып кетиши мүмкүн, этият болуңуз

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды көлмөлөрдүн үстүнө тоңгон музда өзгөчө этият болууга чакырат.

Министрликтин маалыматына ылайык, кыш мезгилинде муз үстүндө коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан кырсыктардын катталуу коркунучу жогору. Андыктан адистер төмөнкү талаптарды так аткарууну эскертет.

Тактап айтканда, тоңгон көлмөлөргө эч качан жалгыз барбоо зарыл. Муздун бекемдигин текшерүү үчүн аны бут менен тепкилөө кооптуу. Кар баскан муздун алдында көзгө көрүнбөгөн жаракалар жана тешиктер болушу мүмкүн. Атүгүл аба ырайы катуу суук болгон күндөрү да муз жука болуп, күтүүсүз жарылып кетиши ыктымал.

Калыңдыгы 5 сантиметр болгон муз чоң кишинин салмагын көтөрө албайт. 10 сантиметр музда балык уулоого мүмкүн болгону менен, анын үстүндө басууга болбойт. Ал эми 12 сантиметр калыңдыктагы муз кар унаасынын (снегоход) жүрүшүнө жарактуу. 20–30 сантиметр муз жеңил унааны, 30–38 сантиметр калыңдыктагы муз жүк ташуучу унааны көтөрө алат.

Ошондой эле муздун үстүнө кар жааган учурда, туман түшкөндө жана караңгы мезгилде көлмөлөргө чыгуу кооптуу.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды өз өмүрүнө жана коопсуздугуна кайдыгер карабоого, муз үстүндөгү коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда ДНК-лабораториялары бар соттук-медициналык экспертиза борбору курулат

Кыргызстанда ДНК-лабораториялары бар соттук-медициналык экспертиза борбору курулат

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарындагы Республикалык соттук‑медициналык экспертиза борборуна барды МинКаб басма сөз кызматы билдирди. Ал мекеменин кызматкерлеринин иш шарттары, лабораторияларынын абалы жана инфраструктурасы менен таанышты. Касымалиевдин айтымында, имарат моралдык жана техникалык жактан эскирген, көп жылдан бери капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн эмес жана учурда канааттандырарлык эмес абалда турат.

Тигүү тармагындагы салыктык төлөмдөр төмөндөтүлдү

Тигүү тармагындагы салыктык төлөмдөр төмөндөтүлдү

Кыргызстанда тигүү тармагы үчүн кызматкерлердин милдеттүү төлөмдөрү төмөндөтүлгөнүн Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков "Биринчи радионун" эфиринде билдирди. Анын айтымында, 2022-жылы эле бул тармак үчүн бирдиктүү салыктын 0,25% өлчөмүндөгү ставкасы киргизилгенин белгиледи. Бул өндүрүш тармагы үчүн эң төмөнкү ставка болуп эсептелет. "0,25 пайыз

Кыргызстанда ижарага батир бергендерге көзөмөл күчөтүлөт

Кыргызстанда ижарага батир бергендерге көзөмөл күчөтүлөт

Кыргызстанда ижарага берилген батирлер боюнча салыктык көзөмөлдү күчөтүү механизмдери иштелип жатканын 10-мартта  Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков радио эфиринде билдирди. Анын айтымында, батирди ижарага берүү салык салынуучу ишмердүүлүк болуп эсептелет. Бирок практикада мындай учурларды аныктоо кыйын. Салык кызматында бул рынок сегментин администрациялоо боюнча жаңы ыкмалар да каралып

Бишкек мэри шаардык кеңеш депутаттарынын мүлктөрү тууралуу комментарий берди

Бишкек мэри шаардык кеңеш депутаттарынын мүлктөрү тууралуу комментарий берди

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Азаттыкка" курган маегинде Жогорку Кеңештин экс-депутаты Куванычбек Конгантиевдин шаарда 100дөн ашык мүлкү бар экени тууралуу маалыматка комментарий берди. Жунушалиев 2025-жылдын 30-январында шаардык кеңештеги «Жаңы Күч» фракциясынын депутаттары менен кайым айтышууда айтылган мүлк тууралуу маалыматтарды эске салды. Андагы депутаттарга тиешелүү ижарага алынган тогуз жер