ИИМ кышкы каникулда балдардын коопсуздугуна көңүл бурууга чакырат

ИИМ кышкы каникулда балдардын коопсуздугуна көңүл бурууга чакырат

Ички иштер министрлиги кышкы жана жаңы жылдык каникулдардын башталышына байланыштуу ата-энелерди жана мыйзамдуу өкүлдөрдү балдардын коопсуздугун камсыздоого өзгөчө көңүл бурууга чакырат.

ИИМдин маалыматына ылайык, каникул маалында балдар көчөдө жана коомдук жайларда көбүрөөк убакыт өткөргөндүктөн, алардын кайда жана ким менен жүргөнүнө көз салуу маанилүү. Ошондой эле жол кыймылынын эрежелерин сактоо, тайгак жолдордо этият болуу жана коопсуз жүрүм-турум эрежелерин балдарга түшүндүрүү зарыл.

Министрлик кыш мезгилинде жол кырсыктарынын жана башка кырсыктардын коркунучу жогорулай турганын эскертип, балдарды жол боюнда ойноого жол бербөөгө чакырат.

Учурда ички иштер органдары жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча профилактикалык иштерди жүргүзүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

А.Касымалиев 4 күндө тургузулган имараттын өзгөчөлүгү менен таанышты

А.Касымалиев 4 күндө тургузулган имараттын өзгөчөлүгү менен таанышты

МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарындагы жаңы технологиялык ыкма менен курулуп жаткан курулушту жеринде көрдү. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, имараттын негизги каркасы заводдо даярдалган 24 ири темир-бетон блоктон туруп, болгону 4 иш күнүндө (фундаменттик иштерди эсепке албаганда) монтаждалган. Ошондой эле индустриалдык модулдук система сейсмикалык талаптарга толук

Бишкекте  100дөн ашык автоунаа айып короого коюлду

Бишкекте 100дөн ашык автоунаа айып короого коюлду

4-мартта Бишкек шаарында Жол кыймылынын эрежелерин бузуп токтотулган жана токтотуу үчүн акысы төлөнбөгөн автоунааларды аныктоо боюнча рейддик иш-чаралар өткөрүлдү. Шаар мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, рейддер борбор калаанын бардык райондорунда жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында мыйзам бузуу менен токтотулган 100дөн ашык автоунаа айып короого эвакуацияланды. Бишкек РИИББинин патрулдук кызмат башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан тиешелүү

Былтыр 561 медициналык мекеме текшерилип анын 263ү жабылган

Былтыр 561 медициналык мекеме текшерилип анын 263ү жабылган

Саламаттык сактоо министрлиги 2025-жылы өлкө боюнча жеке медициналык чөйрөдө кеңири текшерүү жүргүзүлгөнүн “Кабар” агенттигинин “Элден собол” берүүсүндө министрликтин лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Аман Осмонов билдирди. Анын айтымында, мыйзамсыз ишкердикти аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын алкагында министрликтин облустардагы координаторлоруна тиешелүү тапшырмалар берилген. Жалпысынан 561 мекеме — жеке клиника, реабилитациялык борбор, стоматологиялар, элдик

Жалал-Абадда саатына 360 куб метр ташты майдалоочу завод  жакында ишке кирет

Жалал-Абадда саатына 360 куб метр ташты майдалоочу завод жакында ишке кирет

Бүгүн президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев Манас шаарында курулуш иштери аяктап калган жаңы таш майдалоочу завод менен таанышты. Өкүлчүлүктүн маалыматына караганда, завод саатына 360 куб метрге чейин өндүрүш кубаттуулугуна ылайыкташкан. Учурда курулуш иштери дээрлик жыйынтыкталып, завод ишке киргизүүгө даяр абалда турат. Завод Көк-Арт дарыясынын жээгине курулгандыктан, облустук өзгөчө кырдаалдар