Ысык-Көлдө браконьерликке каршы рейд учурунда 1 100 метр тор алынды

Ысык-Көлдө браконьерликке каршы рейд учурунда 1 100 метр тор алынды

Күн мурун Экология жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы туристтик-экологиялык милиция менен биргеликте рейддик иш-чара өткөрдү.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз балык уулоого каршы чаралар көрүлүп, суу объектилеринен жалпы узундугу 1 100 метрди түзгөн эски кытайлык синтетикалык торлор чыгарылды.

Аталган иш-чаралар биологиялык ресурстарды коргоо, браконьерликке бөгөт коюу жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында уюштурулган.

Министрликтен билдиришкендей, браконьерликке каршы рейддик иш-чаралар мындан ары да улантылат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда калктын кирешесинин 47%ы калктын эң бай 20%ынын колунда

Кыргызстанда калктын кирешесинин 47%ы калктын эң бай 20%ынын колунда

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда мүлктүк теңсиздик жогору бойдон калууда. Улуттук статистикалык комитеттин бюллетенине ылайык, калктын жалпы акчалай кирешесинин 47%ы эң камсыз болгон 20% жарандардын колунда топтолгон. Экономикада бул көрсөткүч квинтилдик коэффициент деп аталат. Ал коомдогу социалдык теңсиздиктин деңгээлин көрсөтөт. Калктын бештен бири дээрлик бардык каражаттын жарымына ээ болушу капиталдын

Бишкекте ЭМУнун “1+1” пилоттук программасынын жыйынтыктары чыгарылды

Бишкекте ЭМУнун “1+1” пилоттук программасынын жыйынтыктары чыгарылды

Бүгүн Бишкек шаарында “Жергиликтүү өнүгүүнү жана миграция мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө: “1+1” шайкеш гранттар программасы жана дипломатиялык платформа” аттуу иш-чара өтүп, коопсуз жана мыйзамдуу миграция жолдорун кеңейтүү, ошондой эле жергиликтүү коомчулуктардын өнүгүүсүнө багытталган долбоорлордун жыйынтыктары сунушталды. Иш-чаранын жүрүшүндө Эл аралык миграция уюму (ЭМУ/МОМ) ишке ашырып жаткан “1+1” пилоттукпрограммасынын жыйынтыктары,

Жакынкы Чыгыштан 2200дөй кыргызстандык эвакуация кылууну суранган

Жакынкы Чыгыштан 2200дөй кыргызстандык эвакуация кылууну суранган

4-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн эвакуациялоо өтүнүчү менен дипломатиялык өкүлчүлүктөргө болжол менен 2200 кыргызстандык кайрылганын билдирди. Бириккен Араб Эмираттары БАЭден эң көп кайрылуулар түшкөн жана бул жакта болжол менен 10 миңге жакын кыргызстандык бар. Алардын ичинен 1200 адам эвакуация сураган. Көпчүлүгү

Жыл башынан бери тоо-кен тармагында 20 лицензия берилди

Жыл башынан бери тоо-кен тармагында 20 лицензия берилди

Жыл башынан бери 20 компаниянын лицензия алуу боюнча арыздары каралып, канааттандырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, берилген лицензиялардын ичинен 12си көмүр, 3ү мунай жана газ, 3ү алтын, ал эми 2си курулуш материалдары (неруддук материалдар) боюнча берилген. Белгиленгендей, кабыл алынган чечимдер тоо-кен тармагын өнүктүрүүгө