Кыргызстанда калктын кирешесинин 47%ы калктын эң бай 20%ынын колунда

Кыргызстанда калктын кирешесинин 47%ы калктын эң бай 20%ынын колунда

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда мүлктүк теңсиздик жогору бойдон калууда. Улуттук статистикалык комитеттин бюллетенине ылайык, калктын жалпы акчалай кирешесинин 47%ы эң камсыз болгон 20% жарандардын колунда топтолгон.

Экономикада бул көрсөткүч квинтилдик коэффициент деп аталат. Ал коомдогу социалдык теңсиздиктин деңгээлин көрсөтөт. Калктын бештен бири дээрлик бардык каражаттын жарымына ээ болушу капиталдын жогорку концентрациясын билдирет.

Экономист Искендер Шаршеев ЖМКга берген комментарийинде бул жыйынтык аймакка мүнөздүү ички бөлүштүрүү механизмдерин толук эске албай турганын айтты. Анын сөзүнө караганда, республикада туугандык байланыштар маанилүү роль ойнойт.

"Бизде тойлор жана туугандык мамилелер аркылуу иштеген механизм бар. Көбүрөөк киреше тапкан туугандар үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнө жардам беришет. Мигранттардын акча которуулары да ушундай иштейт. Бул бейрасмий байланыштар мамлекеттин социалдык бөлүштүрүү механизмдерин жарым-жартылай алмаштырып турат", — деди ал.

Экономист капиталдын топтолушу дүйнөлүк көрүнүш экенин белгилеп, активдер адатта аларды башкара билген адамдардын колуна өтөрүн айтты. Ошол эле учурда ал салыктар аркылуу кирешелерди теңдөө аракеттерине күмөн санайт.

Анын айтымында, батыш өлкөлөрүндө пропорционалдуу салык системасы бар болгону менен, бай адамдар кредиттик механизмдер аркылуу салык жүгүн азайта алышат. "Эгер бизде да ушундай система киргизилсе, андан качуу схемалары иштей баштайт. Ошондуктан “люкс салыгын” киргизүүнүн мааниси жок", — дейт эксперт.

Улуттук статистикалык комитет өткөн жылдын январь–сентябрь айларында калктын номиналдык кирешеси 736 млрд сомду түзгөнүн жана ал өткөн жылга салыштырмалуу 7,4%га өскөнүн билдирген.

Кирешенин негизги булагы — эмгек ишмердүүлүгү, ал жалпы түзүмдүн дээрлик 80%ын түзөт. Социалдык төлөмдөр (пенсиялар жана жөлөкпулдар) — 12,6%, ал эми калктын 5,1%ы огород жана көмөкчү чарбалардан түшкөн кирешеден алынат.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Бүгүн президент Садыр Жапаров Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы маараке өткөн тарыхты эскерүү менен гана чектелбестен, келечекке жаңы максаттарды коюуга түрткү бериши керектигин белгиледи. Президенттин айтымында, Чүй облусу өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Аймак мамлекеттүүлүктүн калыптанышында, азык-түлүк

Ишкер Media
Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media