Курамында токсин болушу мүмкүн. "Nestlé" балдар тамагынын айрым партияларын кайра чакыртып алууда

Курамында токсин болушу мүмкүн. "Nestlé" балдар тамагынын айрым партияларын  кайра чакыртып алууда

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти (ОАМСЭКД) "Nestlé" тобуна кирген балдар тамагынын продукциясынын расмий дистрибьютору — "Forester" ЖЧКсынан билдирүү алды.

Ведомствонун маалыматына ылайык, "Nestlé Россия" ЖЧКсынын борбордук кеңсеси балдар үчүн чыгарылган айрым азыктарды ыктыярдуу түрдө кайра чакыртып алуу тууралуу чечим кабыл алган. Тактап айтканда, төмөнкү соода белгилери менен чыгарылган кургак, тез эрий турган сүттүү, кычкыл сүттүү жана лактозасыз аралашмалар кайра чакыртылып жатат:

NAN 1 OPTIPRO

NAN OPTIPRO 2 / NAN 2 Optipro

NAN EXPERTPRO

PRENAN

NAN LACTOSE FREE

Бул кайра чакыртып алуу сактык чарасы катары жүргүзүлүүдө жана "Nestlé" компаниясы дүйнө жүзү боюнча ишке ашырып жаткан ыктыярдуу глобалдык кайра чакыртып алуунун бир бөлүгү болуп саналат.

Мындай чечимдин кабыл алынышына чийки затта (арахидон кычкылы) цереулид токсининин болушу мүмкүн деген тобокелчилик себеп болгон.

Расмий дистрибьютор тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагындагы соода түйүндөрүнөн көрсөтүлгөн партияларды алып салуу боюнча иш-чаралар башталды.

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу ОАМСЭКД керектөөчүлөргө колдонуп жаткан балдар аралашмасынын аталышын жана чыгарылган датасын текшерүүнү сунуштайт. Эгерде ал кайра чакыртылып жаткан партияларга туура келсе, продукцияны колдонбоо жана кайтарып берүү үчүн расмий дистрибьюторго кайрылуу сунушталат.

Өндүрүүчүнүн маалыматы боюнча, кайра чакыртып алуу цереулид токсини болушу мүмкүн болгон чектелген сандагы партияларга гана тиешелүү.

Цереулид — Bacillus cereus бактериясынын айрым штаммдары бөлүп чыгара турган токсин. Ал жогорку температурага туруктуу болуп, кайнатууда бузулбайт. Цереулиддин жогорку өлчөмү бар продукцияны колдонгондон кийин төмөнкү белгилер пайда болушу мүмкүн:

  • кусуу
  • ич өтүү

Бул белгилер тамак-аштан ууланууга же уй сүтүнүн белогуна болгон аллергияга окшош болушу мүмкүн.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда жүргүзүлгөн экологиялык анализ эми ISO 17025 стандартына жооп берет

Кыргызстанда жүргүзүлгөн экологиялык анализ эми ISO 17025 стандартына жооп берет

Кыргызстандын экологиялык анализдери эми дүйнө жүзүндө тааныларын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Экологиялык мониторинг департаментинин лабораториялары атайын текшерүүдөн өтүп, дүйнөлүк ISO 17025 стандартына толук шайкеш экенин далилдеди. Эми бул лабораториялар эл аралык ILAC уюмунун "сапат белгисин" колдонуу укугуна ээ болду. Бул Кыргызстанда жасалган анализдерге дүйнөнүн

Президенттин иш башкармалыгы Түштүк пландоо аймагынан 50 гектар жер сурады

Президенттин иш башкармалыгы Түштүк пландоо аймагынан 50 гектар жер сурады

"Бишкек шаарындагы Токомбаев көчөсүндө (Түштүк пландоо аймагы) жайгашкан жер тилкесин мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтом долбоору шаардык кеңештин кароосуна киргизилди. Мэриянын маалыматы боюнча, Президенттин иш башкармалыгы 2026-жылдын 29-январындагы №11/236 кат менен кайрылып, аянты 50,4938 гектар болгон жер тилкесин мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү

Бишкек мэри шаардагы ири курулуш объектилерин текшерди

Бишкек мэри шаардагы ири курулуш объектилерин текшерди

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев шаардык кызматтардын жетекчилери менен бирге бир катар инфраструктуралык жана курулуш объектилерин текшерди. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти. Алгач Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги участок каралды. Бул жерде транспорттук жол түйүнүн куруу пландалууда. Тиешелүү кызматтарга даярдык иштерин баштоо тапшырылды. Андан соң Бакаев

Чоң-Алай районунда 3 млн сом салык карызы өндүрүлдү

Чоң-Алай районунда 3 млн сом салык карызы өндүрүлдү

Чоң-Алай районунда салык карызы боюнча ири суммадагы каражат мамлекеттин пайдасына өндүрүлдү. Сот аткаруучулар кызматынын маалыматына ылайык, Чоң-Алай райондук сот аткаруучулар бөлүмүнө жаран А.А.Б.дан Салык кызматынын пайдасына 3 млн сом өндүрүү тууралуу аткаруу баракчасы келип түшкөн. Сот аткаруучулар тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин жана мыйзамдуу талаптардын негизинде, карызкор аталган