Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү канча күн эмгек өргүүдө боло алышат?
КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлдөрү укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кезектеги эмгек өргүүгө чыгуусунун мөөнөтү тууралуу маалымат таратты.
Билдирүүгө караганда, Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө мыйзамына ылайык, кызматкерге ар жылдык өргүү календардык иштеген жылдарын төмөнкүдөй тартипте эсепке алуу менен берилет:
1) 10 жылдан аз - мөөнөтү 30 календардык күн;
2) 10 жылдан 15 жылга чейин - мөөнөтү 35 календардык күн;⠀
3) 15 жылдан 20 жылга чейин - мөөнөтү 40 календардык күн;
4) 20 жыл жана андан көп мөөнөтү 45 календардык күнгө.
Зыяндуу жана өзгөчө шарттарда кызматтык милдеттерин аткаргандыгы үчүн же болбосо бийик тоолуу райондордо кызмат аткарган, ж.б. категориядагы кызматкерлерге узактыгы 10 календардык күн болгон кошумча өргүү күндөрү берилет.
Ченемге салынбаган жумуш күндөрү үчүн кызматкерлерге узактыгы 10 календардык күнгө чейинки кошумча өргүү күндөрү берилет.