Быйылкы жылдын өндүрүштүк календары кандай бекиди?

Быйылкы жылдын өндүрүштүк календары кандай бекиди?

2025-жылдын декабрь айынын аягында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2026-жылга карата өндүрүштүк календарды бекитти. Календарга ылайык, төмөнкү күндөр мамлекеттик майрамдар болуп белгиленди:

  • 1-январь — Жаңы жыл;
  • 23-февраль — Ата Мекенди коргоочулардын күнү;
  • 8-март — Аялдардын эл аралык күнү;
  • 21-март — Элдик майрам Нооруз;
  • 7-апрель — Элдик Апрель революциясынын күнү;
  • 1-май — Эмгек майрамы;
  • 5-май — Кыргыз Республикасынын Конституция күнү;
  • 9-май — Жеңиш күнү;
  • 31-август — Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү;
  • 7 жана 8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү.

Иштебеген майрам күндөрү:

  • 1-январдан 6-январга чейин — жаңы жылдык каникулдар, бирок Министрлер Кабинети каникулдарды 12-январга чейин узарткан;
  • 8-март — Аялдардын эл аралык күнү;
  • 21-март — Элдик майрам Нооруз;
  • 1, 2, 3, 4, 6, 7, 8-май — май айындагы каникулдар;
  • 5-май — Кыргыз Республикасынын Конституция күнү;
  • 9-май — Жеңиш күнү;
  • 31-август — Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү.

Мындан тышкары, ай календары боюнча белгиленген мусулмандардын Орозо айт жана Курман айт майрамдары, ошондой эле 7-январь — Христостун туулган күнү (православдык Рождество) да иштебеген майрам күндөрү болуп саналат.

Быйыл Орозо айт 19-мартка, ал эми Курман айт 27-майга туура келиши мүмкүн.

Майрам алдындагы кыскартылган иш күндөрү:

  • 20-март,
  • 30-апрель,
  • 31-декабрь.

Кыскартылган майрамдык иш күндөрү:

  • 23-февраль,
  • 7-апрель.

Мындан тышкары окуңуз

KOICA Кыргызстанга он даана Hyundai электромобилин тапшырды

KOICA Кыргызстанга он даана Hyundai электромобилин тапшырды

Корея Республикасы Кыргызстандагы мамлекеттик органдарга Hyundai IONIQ 5 үлгүсүндөгү он даана электромобиль тапшырганын Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, автоунааларды жеткирүү Корея тарабынан каржыланып, Кыргызстанда экологиялык жактан таза транспортту өнүктүрүү жана мамлекеттик автопарктарды электромобилдерге өткөрүү долбоорунун алкагында ишке ашырылды. Долбоор Кореянын эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA)

Соң-Көлдө мыйзамсыз балык уулоо катталган жок

Соң-Көлдө мыйзамсыз балык уулоо катталган жок

2026-жылдын 28-февралынан 2-мартка чейин "Соң-Көл балык чарбасы" Мамлекеттик ишкананын кызматкерлери тарабынан Соң-Көл көлүндө мыйзамсыз балык уулоого каршы рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү. Рейд учурунда Соң-Көл көлүнүн акваториясынын үстүндө жана жээк тилкесинде текшерүү иштери жүргүзүлдү. Натыйжада мыйзамсыз балык уулоо фактысы жана ээсиз синтетикалык балык уулоочу торлор аныкталган жок. Суу ресурстары, айыл

Кыргызстан февралда Россияга 46,8 миң автоунаа экспорттоду

Кыргызстан февралда Россияга 46,8 миң автоунаа экспорттоду

2026-жылдын февраль айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан Россияга жаңы автоунааларды экспорттоо боюнча лидер бойдон калганын "Автостат" аналитикалык агенттигинин жетекчиси Сергей Целиков билдирди. Анын айтымында, февраль айында жеңил автоунаалардын импорту 35%га өскөн. Тагыраагы, бул айда Кыргызстандан Россияга 46,8 миң жеңил автоунаа импорттолгон. Бул өткөн жылдын февраль айына (35

Кыргызстанга 4 миллиондон ашык гүл алып келинди

Кыргызстанга 4 миллиондон ашык гүл алып келинди

8-Март майрамынын алдында Кыргызстанга 4 миллиондон ашык гүл импорттолгонун Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жазгы майрамдардын алдында жаңы үзүлгөн гүлдөрдүн импорту салттуу түрдө сезондук өсүштү көрсөтөт. Февраль айынын башынан бери Кыргызстанга 4,07 млн даана жаңы гүл алып келинген. Январь айына салыштырмалуу жеткирүүлөрдүн көлөмү 31%га