Ноокатта 115 млн сомго заманбап мектеп курулду
Ош облусунун Ноокат районундагы 12-Мойнок айылында заманбап мектеп курулду. Курулушка мамлекеттик казынадан 115 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Жаңы билим берүү мекемеси 550 окуучуга ылайыкталган. Мектепте заманбап окуу класстары, лабораториялар, китепкана, дарыгердин бөлмөсү, компьютердик класс, ашкана жана бардык шарттары бар спорт залы каралган. Имараттын жалпы аянты 1956 чарчы метрди түзөт.
Ошондой эле мектептин айланасында волейбол, баскетбол жана футбол ойноочу аянтчалар курулган.