Алдамчылык фактысы жана үй-бүлөөлүк зомбулук менен шектелип, экс депутат кармалды

Алдамчылык фактысы жана үй-бүлөөлүк зомбулук менен шектелип, экс депутат кармалды

 ИИМдин Басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2022-жылы жаран Б.А.Т. алдоо жолу менен ири өлчөмдө акча каражаттарын алып, каражаттарды жеке максаттарына жумшаганы аныкталды. Буга шектүү катары 1966-жылы туулган Б.А.Т. кармалды.

Мындан тышкары, ички иштер органдарына аталган адамдын жубайынан буга чейин үй-бүлөлүк зомбулук боюнча кайрылуулар келип түшкөн. Бул материалдар катталып, мыйзамда белгиленген тартипте каралып, тергөө иш-чаралары уланууда.

Ал ортодо, Азаттык үналгысы бул шектүү жаран буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты - Аккулу Бердиев болгондугун жарыялады.

Эске салсак, Аккулу Бердиев Жогорку Кеңештин 7-чакырылышында “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен Адахан Мадумаровдун ордуна депутат болуп келген болчу.

Мындан тышкары окуңуз

А.Касымалиев 4 күндө тургузулган имараттын өзгөчөлүгү менен таанышты

А.Касымалиев 4 күндө тургузулган имараттын өзгөчөлүгү менен таанышты

МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарындагы жаңы технологиялык ыкма менен курулуп жаткан курулушту жеринде көрдү. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, имараттын негизги каркасы заводдо даярдалган 24 ири темир-бетон блоктон туруп, болгону 4 иш күнүндө (фундаменттик иштерди эсепке албаганда) монтаждалган. Ошондой эле индустриалдык модулдук система сейсмикалык талаптарга толук

Бишкекте  100дөн ашык автоунаа айып короого коюлду

Бишкекте 100дөн ашык автоунаа айып короого коюлду

4-мартта Бишкек шаарында Жол кыймылынын эрежелерин бузуп токтотулган жана токтотуу үчүн акысы төлөнбөгөн автоунааларды аныктоо боюнча рейддик иш-чаралар өткөрүлдү. Шаар мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, рейддер борбор калаанын бардык райондорунда жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында мыйзам бузуу менен токтотулган 100дөн ашык автоунаа айып короого эвакуацияланды. Бишкек РИИББинин патрулдук кызмат башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан тиешелүү

Былтыр 561 медициналык мекеме текшерилип анын 263ү жабылган

Былтыр 561 медициналык мекеме текшерилип анын 263ү жабылган

Саламаттык сактоо министрлиги 2025-жылы өлкө боюнча жеке медициналык чөйрөдө кеңири текшерүү жүргүзүлгөнүн “Кабар” агенттигинин “Элден собол” берүүсүндө министрликтин лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Аман Осмонов билдирди. Анын айтымында, мыйзамсыз ишкердикти аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын алкагында министрликтин облустардагы координаторлоруна тиешелүү тапшырмалар берилген. Жалпысынан 561 мекеме — жеке клиника, реабилитациялык борбор, стоматологиялар, элдик

Жалал-Абадда саатына 360 куб метр ташты майдалоочу завод  жакында ишке кирет

Жалал-Абадда саатына 360 куб метр ташты майдалоочу завод жакында ишке кирет

Бүгүн президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев Манас шаарында курулуш иштери аяктап калган жаңы таш майдалоочу завод менен таанышты. Өкүлчүлүктүн маалыматына караганда, завод саатына 360 куб метрге чейин өндүрүш кубаттуулугуна ылайыкташкан. Учурда курулуш иштери дээрлик жыйынтыкталып, завод ишке киргизүүгө даяр абалда турат. Завод Көк-Арт дарыясынын жээгине курулгандыктан, облустук өзгөчө кырдаалдар