Бишкектик кызга доллардан жасалган букет белек кылынды
Бишкекте кызга доллар купюраларынан жасалган букет белек кылынып, видео соцтармактарда кызуу талкуу жаратууда.
Кызга курьер аркылуу жиберилген накталай доллар купюраларынан чогултулган өзгөчө букет белекке берилди. Оригиналдуу белек түшүрүлгөн видео социалдык тармактарда тез эле таратылып, колдонуучулар арасында кызуу талкууга айланды.
Видеокадрда кыз белекти кабыл алып, сюрпризге эмоция менен жооп бергенин жана телефонго келген билдирүүдөн улам кыз 500 000 сомдук белек алганын түшүнүүгө болот.
Буга карай, интернет колдонуучуларынын пикирлери экиге бөлүндү: айрымдар белектин креативдүүлүгүнө суктанса, башкалары мындай кадамды ашкере мактануу катары сыпатташууда. Буга карабастан, азыркы тапта видеоролик көрүүлөрдү жана комментарийлерди топтоону улантууда.
