Манас шаарына Юстиция министрлигинин жаңы имараты салынды
Манас шаарына Юстиция министрлигинин жаңы имараты курулду. Бул тууралуу Курулуш, архиктектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, курулуш иштери 2025-жылдын апрель айында Курулуш министрлиги тарабынан башталган. Каржылоо мамлекеттик казынадан каралып, 158 миллион сом бөлүнгөн.
Долбоорго ылайык, имарат 3 кабаттан туруп, заманбап үлгүдө курулган жана керектүү бардык жабдуулар менен камсыздалган.