А.Касымалиев "Бишкек Аренанын" курулушу менен таанышты
Адылбек Касымалиев Орок айылындагы "Бишкек Арена" стадионунун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Бул спорт комплекси 51 миң көрүүчүгө ылайыкташкан жана FIFA стандарттарына ылайык курулуп жатат.
Стадиондо бардык стенддерде мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн атайын орундар уюштурулуп, инклюзивдик шарттар каралган. Бул стадион Кыргызстанда дүйнөлүк деңгээлдеги футбол беттештерин жана маданий иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүндүк берет.
Касымалиев курулуш сапатын жогорку деңгээлде камсыз кылууну жана объекттерди белгиленген мөөнөттөрдө пайдаланууга берүүнү тапшырды.


