Айыл чарба министрлиги: Сапатсыз үрөн колдонгондор жеңилдиктерден куру калат

Айыл чарба министрлиги: Сапатсыз үрөн колдонгондор жеңилдиктерден куру калат

Кыргызстандын айыл чарба министрлиги фермерлерге жана дыйкандарга бардык айыл чарба өсүмдүктөрү үчүн сапат сертификаты жана келип чыгышы тастыкталган үрөн жана көчөт колдонуу милдетин киргизүүнү сунуш кылууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Бул чара контрафакттык, сапатсыз жана мыйзамсыз үрөндөрдүн жүгүртүүсүнөн келип чыккан түшүмдүн жоготууларын жана экономикалык зыянды азайтууга багытталган.

Министрлик өндүрүүчүлөргө төмөнкүлөрдү сунуш кылат:

  • сертификатталган жеткирүүчүлөрдөн гана үрөн жана көчөт сатып алуу;
  • сатуучулардан сапаты жана келип чыгышы тууралуу документтерди талап кылуу;
  • ар бир партия үчүн сертификаттардын архивин түзүү.
Эгер фермерлер сертификаты жок үрөн колдонсо, мамлекет тарабынан берилүүчү жеңилдиктер жана колдоо чаралары берилбейт. Учурда мамлекеттик колдоо чараларынын катарына жеңилдетилген насыялар, жер участокторун бөлүү жана кооперативдерге ар тараптуу жардам кирет.

Мындан тышкары окуңуз

Уланбек Жаанбаев: Ишкерлер накталай акчаларын Кыргызстанга алып кире албай жатышат

Уланбек Жаанбаев: Ишкерлер накталай акчаларын Кыргызстанга алып кире албай жатышат

Россияда иштеген кыргызстандык ишкерлер Кыргызстанга накталай акча алып кире албай жатышканын айтып даттанышканын бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Уланбек Жаанбаев билдирди. Анын айтымында, ага жергиликтүү ишкерлерден эки арыз түшкөн. "Алар УКМКнын 30-бөлүмүнүн кызматкерлери Ош жана Бишкек аэропорттору аркылуу накталай акчаны Кыргызстанга алып кирүүгө уруксат бербей жатканын айтышууда. Бул туура

Оштун Өзбекстан менен чектешкен аймагында ЭЭЗ ачуу сунушталды

Оштун Өзбекстан менен чектешкен аймагында ЭЭЗ ачуу сунушталды

Ош облусунун тургундары Өзбекстан менен чек ара тилкесинде эркин экономикалык аймак (ЭЭЗ) ачып берүүнү суранып жатышканын Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков билдирди. Анын айтымында, Жалал-Абад жана Баткен облустарында ушундай аймактарды түзүүнүн оң тажрыйбасы чек ара аймактарынын өнүгүүсүндө жакшы динамиканы көрсөттү. Депутаттын пикиринде, Ош облусунда ЭЭЗ ачуу аймактын экономикасына олуттуу

Нарында быйыл 2 443 турак жай камсыздандырылды

Нарында быйыл 2 443 турак жай камсыздандырылды

Нарын облусунда жыл башынан бери 2 миң 443 турак жай камсыздандырылып, 1 жаранга 308 миң 974 сомдук кенемте төлөнүп берилгенин "Кабар" агенттигине Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Нарын облусундагы филиалынын директорунун орун басары Нурсултан Мамытов билдирди. Анын айтымында, аймакта турак жайын камсыздандыргандардын саны жылдан жылга көбөйүүдө. "Бул көрсөткүчтү мындан

ИИМ 25 млн сомдук материалдык зыян келтирген УКТ мүчөлөрүн кармады

ИИМ 25 млн сомдук материалдык зыян келтирген УКТ мүчөлөрүн кармады

ИИМ 15 адамдан турган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармаганын ведомстводон билдиришти. Кармалгандар мурда бир нече жолу соттолгон жана УКТнын активдүү мүчөлөрү катары каттоодо турган. Алардын өзгөчө ири өлчөмдөгү уурулук жана каракчылык фактыларына тиешеси бар экендиги аныкталды. Кылмышкерлер административдик имараттарды, соода объектилерин жана кеңселерди тоноо менен алектенишкен. Кылмыш жасоодо топтун мүчөлөрү