Улуттук кордиология борборунда бир катар мүчүлүштүктөр аныкталып, 2 жетекчи жумуштан алынды

Улуттук кордиология борборунда бир катар мүчүлүштүктөр аныкталып, 2 жетекчи жумуштан алынды

Саламаттыкты сактоо министринин тапшырмасы менен Улуттук кардиология борбору жана жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим изилдөө институту тешерилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрдин орун басары Бакытбек Кадыралиев башында турган ак халатчандар кече 12-январда, ал жердеги медиктердин дарылоо иштерине жана аппараттардын иштөө процессин текшерип чыгышкан.

Билдирүүгө караганда, Улуттук кардиология жана терапия борборунда жүрөк-кан тамыр оорулары менен кайрылган бейтаптарга шашылыш жардам көрсөтүүдө бир катар кемчиликтер аныкталган. Тагыраагы, ангиографиялык жабдуулардын токтоп турушу, коронароангиографияны жүргүзүүдөгү кечигүүлөр, реанимация бөлүмдөрүндө эхокардиографиянын 24/7 режиминде жеткиликсиз болушу белгиленди.

Ошондой эле дары-дармектерди жана медициналык жабдууларды сатып алууда коррупциялык көрүнүштөргө жана УКТБнын директору Талантбек Сооронбаевдин жеке жоопкерчилигине көңүл бурулду. Анын акыркы эки жылда 45 жолу (дээрлик айына эки жолу) чет өлкөгө чыккандыгы, ошондой эле болжол менен 2 млн АКШ долларына бааланган мүлк боюнча суроолор жаралды.

Дарыгерлердин кеңешмесинин жыйынтыгында аныкталган мыйзам бузууларга жана ээлеген кызматтарына ылайык келбегендикке байланыштуу эки мекеменин тең жетекчилери өз ыктыяры менен кызматтык ыйгарым укуктарын тапшырышты. Министр борборлордун жетекчилигине жаш, бирок тажрыйбалуу, анын ичинде чет өлкөдө чоң иш тажрыйбасы бар адистердин талапкерлиги караларын белгиледи.
0:00
/10:24

Мындан тышкары окуңуз

Чүй облусу менен Бишкектеги  эң ири өнөр жай долбоорлору кайсылар?

Чүй облусу менен Бишкектеги эң ири өнөр жай долбоорлору кайсылар?

Экономика жана коммерция министрлигинин биринчи орун басары Чоро Сейитов Бишкек шаарында жана Чүй облусунда ишке ашырылып жаткан негизги инвестициялык долбоорлор тууралуу айтып берди. Анын айтымында, жаңы өндүрүштөрдүн ачылышы өлкөдө миңдеген жумуш орундарын түзүп, миллиарддаган инвестицияларды тартат. Эң ири долбоорлордун бири — Resto компаниясы тарабынан электр энергиясын өндүрүүчү объекттерди куруу. Бул секторго

ИИМ: Коррупциялык кылмыштар үчүн катуу жаза каралган

ИИМ: Коррупциялык кылмыштар үчүн катуу жаза каралган

Коррупция коом жана мамлекет үчүн олуттуу коркунучтардын бири бойдон калууда. Ал жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин төмөндөтүп, адилеттүүлүк принцибин бузат жана өлкөнүн өнүгүүсүнө олуттуу зыян келтирет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык коррупциялык аракеттер үчүн катуу жоопкерчилик каралган. Тактап айтканда: * 336-берене (Коррупция)

Жети-Өгүздө 34 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүздө 34 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүз районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышын текшерүү учурунда мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айыл өкмөтүндө жалпы аянты 0,20 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкеси мыйзам бузуу менен жеке менчикке өтүп кеткендигибелгилүү болгон. Ошондой эле аталган жер тилкесине мыйзамсыз

Бишкекте 17-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкекте 17-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкекте 17-мартта саат 09:00дөн 16:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: Ч. Айтматов пр., 93/1; 93/2; 93/3; 93/4; 93/5;