Айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда медициналык маалымкат талап кылынбайт
Эски үлгүдөгү мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда медициналык маалымкат талап кылынбай тургандыгын президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасында түз эфирде билдирди.
Ал белгилегендей, учурда күбөлүктү алмаштырууга даярданган жарандардын маалымкат алуу үчүн бейтапканаларда кезеги көбөйгөнү айтылууда.
“Эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда 083 медициналык маалымкат талап кылынбайт. Эски үлгүдөгү мөөнөтсүз күбөлүктүн өзүн гана алып баруу керек. Бүгүнкү күндө коңшу мамлекеттерде эски күбөлүктөр таанылбайт. Мындан улам жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү алуу керек”, - деди Каныбек Туманбаев.
Ошондой эле ал кошумчалагандай, 15-январдан 15-февралга чейин эски үлгүдөгү мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөр акысыз алмаштырылат.