Жеңил унааларды сатууда убактылуу салыктык жеңилдиктер киргизилди

Жеңил унааларды сатууда убактылуу салыктык жеңилдиктер киргизилди

Мамлекеттик салык кызматы жеңил автомототранспорт каражаттарын сатууга байланыштуу убактылуу салыктык жеңилдиктер киргизилгенин маалымдады.

Өзгөртүүлөр Президент Садыр Жапаров 2025-жылдын 31-декабрында кол койгон мыйзамга ылайык кабыл алынган. Аталган ченемдер 2029-жылдын 1-январына чейин күчүндө болуп, ТЭИ ТН 8703 товар позициясына кирген жеңил автомототранспорт каражаттарына тиешелүү.

Тактап айтканда, мыйзам менен төмөнкү жеңилдиктер каралган:

  • жеке жактар (катталган жеке ишкерлер жана юридикалык жактардан тышкары) тарабынан унаа сатуу, анын ичинде бир календардык жыл ичинде экиден көп унаа сатылган учурда да, системалуу ишкердик катары эсептелбейт;
  • жеке жактардын жеңил унаа сатуудан алган кирешесине киреше салыгы салынбайт;
  • унаа сатуудан түшкөн кирешелер пайда салыгынан бошотулат;
  • жеңил автомототранспорт каражаттарын сатууда кошумча нарк салыгы (КНС) алынбайт;
  • унаа сатуудан алынуучу салык колдонулбайт.
Мындан тышкары, жеке жактар (жеке ишкерлерден тышкары) 2026-жылдын 1-январына чейин унаа сатуудан алган кирешелери боюнча салык, туум жана санкциялардан бошотулат.

Кабыл алынган ченемдер калкка жана ишкердик субъекттерине салыктык жүктү азайтууга, ошондой эле автотранспорт рыногундагы операциялардын ачыктыгын жогорулатууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда аңчылык кылуу  билетинин баасы 15 миң сом болот

Кыргызстанда аңчылык кылуу билетинин баасы 15 миң сом болот

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директорунун орун басары Азат Сагынов "Биринчи радио" эфиринде билдиргендей, 2025-жылы Кыргызстанда мыйзамсыз аңчылык боюнча 75 факт катталганын билдирди. Анын айтымында, аныкталган мыйзам бузуу фактылары боюнча 121 протокол түзүлүп, суммасы 1,5 млн сомдон ашык айып пул салынган. Мыйзамсыз аңчылык республиканын бардык аймактарында жайылган:

Оман аркылуу 5-мартта БАЭдеги 360 кыргызстандык мекенине келет

Оман аркылуу 5-мартта БАЭдеги 360 кыргызстандык мекенине келет

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 4-марттан 5-мартка караган түнү Бириккен Араб Эмираттарында жүргөн кыргыз жарандарын мекенине кайтаруу үчүн Оман аркылуу атайын эки каттам уюштуруларын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, айрым техникалык кыйынчылыктарга жана аймактагы татаал кырдаалга карабастан, министрлик жана дипломатиялык өкүлчүлүктөр коопсуз аба коридорун макулдашууга жетишти.

Бишкекте унаа токтотуучу жайлар эми саатына жараша эсептелеби?

Бишкекте унаа токтотуучу жайлар эми саатына жараша эсептелеби?

Бишкек шаардык мэриясы "Шаардагы муниципалдык паркингдердин жана токтотуучу жайлардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу маселелери жөнүндө" токтом долбоорун иштеп чыкты. Бул документ шаардык кеңештин депутаттарынын кароосуна чыгарылган. Долбоордун негизги пункттары: * Муниципалдык паркингдер жана токтотуучу жайлар боюнча Жобону бекитүү пландалууда; * Паркинг үчүн расмий тарифтерди орнотуу; * Убакытты автоматтык эсептөөчү система менен жабдылган

Депутат "Бакай-Ата" конушундагы жер тилкелерин каттоону ылдамдатууну суранды

Депутат "Бакай-Ата" конушундагы жер тилкелерин каттоону ылдамдатууну суранды

Депутат Уланбек Жаанбаев "Бакай-Ата" турак жай массивиндеги жер тилкелерин каттоону ылдамдатууну Жогорку Кеңештин жыйынында суранды. Анын айтымында, "Бакай-Ата" жаңы конушу 1989-жылы түзүлгөн жана баш калаадагы алгачкы турак жай массивдеринин бири болуп эсептелет. "Аймакта негизги инфраструктуралар — газ жана канализация бар, бирок 96 үй-бүлөнүн дагы эле өз