Былтыр 2088 адамды депортациялоого 243 млн сом каржылык колдоо көрсөтүлгөн

Былтыр 2088 адамды депортациялоого 243 млн сом каржылык колдоо көрсөтүлгөн

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандан 2 миңден ашык чет элдикти депортациялоого канча каражат кеткенин билдирди.

2025-жылы кыска мөөнөттүү амнистия алкагында Кыргызстандан чыкпай туруп, өлкөдө мыйзамдуу болууну легалдаштырышкан чет элдик жарандар 9,6 миңди түзгөнүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.

Анын айтымында, республикадан жалпы 2 088 чет элдик адам депортацияланган.
"Аларды алты багыт боюнча 29 депортациялык рейс менен чыгардык. Ички иштер органдарынын кепилдик каражаттарынын эсебинен депортациялоо үчүн 243 млн сом каржылык колдоо көрсөтүлдү", — деди министр.

Ошондой эле ал былтыр Россиядан 237 кыргызстандык, Казакстандан төрт, Кытайдан бир жаран кайтарылганын кошумчалады. Мындан тышкары, 53 кыргызстандык эвакуацияланган, алардын ичинде Мьянмадан 12 киши бар.

Мындан тышкары окуңуз

Уланбек Жаанбаев: Ишкерлер накталай акчаларын Кыргызстанга алып кире албай жатышат

Уланбек Жаанбаев: Ишкерлер накталай акчаларын Кыргызстанга алып кире албай жатышат

Россияда иштеген кыргызстандык ишкерлер Кыргызстанга накталай акча алып кире албай жатышканын айтып даттанышканын бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Уланбек Жаанбаев билдирди. Анын айтымында, ага жергиликтүү ишкерлерден эки арыз түшкөн. "Алар УКМКнын 30-бөлүмүнүн кызматкерлери Ош жана Бишкек аэропорттору аркылуу накталай акчаны Кыргызстанга алып кирүүгө уруксат бербей жатканын айтышууда. Бул туура

Оштун Өзбекстан менен чектешкен аймагында ЭЭЗ ачуу сунушталды

Оштун Өзбекстан менен чектешкен аймагында ЭЭЗ ачуу сунушталды

Ош облусунун тургундары Өзбекстан менен чек ара тилкесинде эркин экономикалык аймак (ЭЭЗ) ачып берүүнү суранып жатышканын Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков билдирди. Анын айтымында, Жалал-Абад жана Баткен облустарында ушундай аймактарды түзүүнүн оң тажрыйбасы чек ара аймактарынын өнүгүүсүндө жакшы динамиканы көрсөттү. Депутаттын пикиринде, Ош облусунда ЭЭЗ ачуу аймактын экономикасына олуттуу

Нарында быйыл 2 443 турак жай камсыздандырылды

Нарында быйыл 2 443 турак жай камсыздандырылды

Нарын облусунда жыл башынан бери 2 миң 443 турак жай камсыздандырылып, 1 жаранга 308 миң 974 сомдук кенемте төлөнүп берилгенин "Кабар" агенттигине Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Нарын облусундагы филиалынын директорунун орун басары Нурсултан Мамытов билдирди. Анын айтымында, аймакта турак жайын камсыздандыргандардын саны жылдан жылга көбөйүүдө. "Бул көрсөткүчтү мындан

ИИМ 25 млн сомдук материалдык зыян келтирген УКТ мүчөлөрүн кармады

ИИМ 25 млн сомдук материалдык зыян келтирген УКТ мүчөлөрүн кармады

ИИМ 15 адамдан турган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармаганын ведомстводон билдиришти. Кармалгандар мурда бир нече жолу соттолгон жана УКТнын активдүү мүчөлөрү катары каттоодо турган. Алардын өзгөчө ири өлчөмдөгү уурулук жана каракчылык фактыларына тиешеси бар экендиги аныкталды. Кылмышкерлер административдик имараттарды, соода объектилерин жана кеңселерди тоноо менен алектенишкен. Кылмыш жасоодо топтун мүчөлөрү