ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

16-17-январь күндөрү өлкө аймагында аба температурасы кескин төмөндөп, мезгил-мезгили менен кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсүнө караганда, кээ бир аймактарда туман түшүп, автожолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү жаралышы ыктымаал.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет. 17-19-январь күндөрү абанын температурасы кескин төмөндөп:

Чүй, Талас өрөөндөрүндө күндүз -1…-6°,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында -2° +3°,

Ысык-Көл облусунда -4° …+1°,

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -23…-28°, күндүз -9…-14°,

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -30…-35°, күндүз -11…-16° суукка чейин болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Катуу жаан-чачын жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылын кыйындатат.

Андыктан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочулар алыска жолго чыгууда унааңызда кышкы дөңгөлөк, чынжырча, күрөкчө, дары-дармек, ысык суу алууну камсыздоону жана алдын ала эскертүүлөргө көңүл бурууга чакырат. Кырсык катталганда же жолдогу абал боюнча 112 номерине байланышууну эскертет.

 

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда аңчылык кылуу  билетинин баасы 15 миң сом болот

Кыргызстанда аңчылык кылуу билетинин баасы 15 миң сом болот

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директорунун орун басары Азат Сагынов "Биринчи радио" эфиринде билдиргендей, 2025-жылы Кыргызстанда мыйзамсыз аңчылык боюнча 75 факт катталганын билдирди. Анын айтымында, аныкталган мыйзам бузуу фактылары боюнча 121 протокол түзүлүп, суммасы 1,5 млн сомдон ашык айып пул салынган. Мыйзамсыз аңчылык республиканын бардык аймактарында жайылган:

Оман аркылуу 5-мартта БАЭдеги 360 кыргызстандык мекенине келет

Оман аркылуу 5-мартта БАЭдеги 360 кыргызстандык мекенине келет

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 4-марттан 5-мартка караган түнү Бириккен Араб Эмираттарында жүргөн кыргыз жарандарын мекенине кайтаруу үчүн Оман аркылуу атайын эки каттам уюштуруларын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, айрым техникалык кыйынчылыктарга жана аймактагы татаал кырдаалга карабастан, министрлик жана дипломатиялык өкүлчүлүктөр коопсуз аба коридорун макулдашууга жетишти.

Бишкекте унаа токтотуучу жайлар эми саатына жараша эсептелеби?

Бишкекте унаа токтотуучу жайлар эми саатына жараша эсептелеби?

Бишкек шаардык мэриясы "Шаардагы муниципалдык паркингдердин жана токтотуучу жайлардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу маселелери жөнүндө" токтом долбоорун иштеп чыкты. Бул документ шаардык кеңештин депутаттарынын кароосуна чыгарылган. Долбоордун негизги пункттары: * Муниципалдык паркингдер жана токтотуучу жайлар боюнча Жобону бекитүү пландалууда; * Паркинг үчүн расмий тарифтерди орнотуу; * Убакытты автоматтык эсептөөчү система менен жабдылган

Депутат "Бакай-Ата" конушундагы жер тилкелерин каттоону ылдамдатууну суранды

Депутат "Бакай-Ата" конушундагы жер тилкелерин каттоону ылдамдатууну суранды

Депутат Уланбек Жаанбаев "Бакай-Ата" турак жай массивиндеги жер тилкелерин каттоону ылдамдатууну Жогорку Кеңештин жыйынында суранды. Анын айтымында, "Бакай-Ата" жаңы конушу 1989-жылы түзүлгөн жана баш калаадагы алгачкы турак жай массивдеринин бири болуп эсептелет. "Аймакта негизги инфраструктуралар — газ жана канализация бар, бирок 96 үй-бүлөнүн дагы эле өз