Бишкектеги тез татымдардын биринде кайрадан массалык уулануу болду

Бишкектеги тез татымдардын биринде кайрадан массалык уулануу болду

Бишкекте шаурмага 17 адам ууланып, 13ү ооруканага жаткырылып, 4 адам амбулатордук дарыланууга жиберилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, уулангандардын баары “Даамдуу” тез тамактануучу жайынан 15-январда шаурма алып жешкен жана ар кайсы убакта уулануунун белгилерин көрсөтүп, аймактык жугуштуу оорулар жана инфекциялар борборуна кайрылышкан. Бардык жабырлануучулар зарыл жардам алып, лабораториялык текшерүү үчүн клиникалык үлгүлөр чогултулган. Учурда тиешелүү материалдар жана анализдер изилдөөгө жөнөтүлүп, жыйынтыгы чыгышы күтүлүп жатат.

Эске салсак, аталган тез татым жайынан былтыр дагы уулануу фактысы катталып, 20 ашуун жаран жабыркаган. Учурда бул аны жабуу боюнча санитардык буйрук чыгарылып, павильон жабылгандыгы кабарланууда.

Мындан тышкары окуңуз

Чүй облусу менен Бишкектеги  эң ири өнөр жай долбоорлору кайсылар?

Чүй облусу менен Бишкектеги эң ири өнөр жай долбоорлору кайсылар?

Экономика жана коммерция министрлигинин биринчи орун басары Чоро Сейитов Бишкек шаарында жана Чүй облусунда ишке ашырылып жаткан негизги инвестициялык долбоорлор тууралуу айтып берди. Анын айтымында, жаңы өндүрүштөрдүн ачылышы өлкөдө миңдеген жумуш орундарын түзүп, миллиарддаган инвестицияларды тартат. Эң ири долбоорлордун бири — Resto компаниясы тарабынан электр энергиясын өндүрүүчү объекттерди куруу. Бул секторго

ИИМ: Коррупциялык кылмыштар үчүн катуу жаза каралган

ИИМ: Коррупциялык кылмыштар үчүн катуу жаза каралган

Коррупция коом жана мамлекет үчүн олуттуу коркунучтардын бири бойдон калууда. Ал жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин төмөндөтүп, адилеттүүлүк принцибин бузат жана өлкөнүн өнүгүүсүнө олуттуу зыян келтирет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык коррупциялык аракеттер үчүн катуу жоопкерчилик каралган. Тактап айтканда: * 336-берене (Коррупция)

Жети-Өгүздө 34 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүздө 34 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүз районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышын текшерүү учурунда мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айыл өкмөтүндө жалпы аянты 0,20 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкеси мыйзам бузуу менен жеке менчикке өтүп кеткендигибелгилүү болгон. Ошондой эле аталган жер тилкесине мыйзамсыз

Бишкекте 17-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкекте 17-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкекте 17-мартта саат 09:00дөн 16:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: Ч. Айтматов пр., 93/1; 93/2; 93/3; 93/4; 93/5;