Ысык-Көлдөн 400 метрлик мыйзамсыз тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн 400 метрлик мыйзамсыз тор чыгарылды

Ысык-Көлдүн түбүнөн 400 метрлик мыйзамсыз балык тору чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдирди.

Бүгүн Ысык-Көлдүн акваториясында министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан рейд өткөрүлдү. Рейд учурунда узундугу 400 метр болгон эски кытай синтетикалык балык тору аныкталып, көлдөн чыгарылды.

Иш-чаранын негизги максаты — мыйзамсыз балык уулоонун алдын алуу, суу биоресурстарын коргоо жана Ысык-Көлдүн экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

KOICA Кыргызстанга он даана Hyundai электромобилин тапшырды

KOICA Кыргызстанга он даана Hyundai электромобилин тапшырды

Корея Республикасы Кыргызстандагы мамлекеттик органдарга Hyundai IONIQ 5 үлгүсүндөгү он даана электромобиль тапшырганын Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, автоунааларды жеткирүү Корея тарабынан каржыланып, Кыргызстанда экологиялык жактан таза транспортту өнүктүрүү жана мамлекеттик автопарктарды электромобилдерге өткөрүү долбоорунун алкагында ишке ашырылды. Долбоор Кореянын эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA)

Соң-Көлдө мыйзамсыз балык уулоо катталган жок

Соң-Көлдө мыйзамсыз балык уулоо катталган жок

2026-жылдын 28-февралынан 2-мартка чейин "Соң-Көл балык чарбасы" Мамлекеттик ишкананын кызматкерлери тарабынан Соң-Көл көлүндө мыйзамсыз балык уулоого каршы рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү. Рейд учурунда Соң-Көл көлүнүн акваториясынын үстүндө жана жээк тилкесинде текшерүү иштери жүргүзүлдү. Натыйжада мыйзамсыз балык уулоо фактысы жана ээсиз синтетикалык балык уулоочу торлор аныкталган жок. Суу ресурстары, айыл

Кыргызстан февралда Россияга 46,8 миң автоунаа экспорттоду

Кыргызстан февралда Россияга 46,8 миң автоунаа экспорттоду

2026-жылдын февраль айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан Россияга жаңы автоунааларды экспорттоо боюнча лидер бойдон калганын "Автостат" аналитикалык агенттигинин жетекчиси Сергей Целиков билдирди. Анын айтымында, февраль айында жеңил автоунаалардын импорту 35%га өскөн. Тагыраагы, бул айда Кыргызстандан Россияга 46,8 миң жеңил автоунаа импорттолгон. Бул өткөн жылдын февраль айына (35

Кыргызстанга 4 миллиондон ашык гүл алып келинди

Кыргызстанга 4 миллиондон ашык гүл алып келинди

8-Март майрамынын алдында Кыргызстанга 4 миллиондон ашык гүл импорттолгонун Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жазгы майрамдардын алдында жаңы үзүлгөн гүлдөрдүн импорту салттуу түрдө сезондук өсүштү көрсөтөт. Февраль айынын башынан бери Кыргызстанга 4,07 млн даана жаңы гүл алып келинген. Январь айына салыштырмалуу жеткирүүлөрдүн көлөмү 31%га