18-24-январда Бишкекте хоккей боюнча U20 дүйнө чемпионаты өтөт

18-24-январда Бишкекте хоккей боюнча U20 дүйнө чемпионаты өтөт
сүрөт "Кабар" МАнан алынды

Бүгүн, 17-январда хоккей боюнча U20 дүйнө чемпионатына катышуу үчүн Люксембург, Мексика жана Ирандын курама командалары Бишкекке учуп келишти.

Бул тууралуу Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Билдирүүгө караганда, жаш спортчулардын мелдештер 18-24-январь күндөрү “Бишкек Арена” муз аянтчасында өтүшү күтүлүүдө. Дүйнө чемпионатынын салтанаттуу ачылышы эртең 18-январда, саат 19:00 болот.

Мелдешке Кыргызстандын, Мексиканын, Люксембургдун, Түштүк Африканын, Ирандын жана Гонконг (Кытай) жаштар курама командалары катышаары маалым болду. 

Мындан тышкары окуңуз

Нарын районунда "Кур-Терек" көмөк чордону курулуп жатат

Нарын районунда "Кур-Терек" көмөк чордону курулуп жатат

Нарын районунда 110/35/10 кВ "Кур-Терек" көмөк чордонунун курулушу башталганын Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Кур-Терек аймагында жайгашкан "Нарын — Кашкар" индустриалдык паркында "Эки өлкө — эки парк" долбоору ишке ашырылууда. Анын алкагында учурда төрт өнөр жай ишканасынын курулушу жүрүп жатат. Аталган объекттердин туруктуу иштешин

ЖК депутаттарынын документ жүгүртүүсү электрондук форматка өттү

ЖК депутаттарынын документ жүгүртүүсү электрондук форматка өттү

Парламент депутаттарынын документ жүгүртүүсү электрондук форматка өткөрүлгөнүн бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Марлен Маматалиев билдирди. Анын айтымында, буга чейин спикердин жана депутаттардын ишин камсыз кылуу үчүн абдан көп кагаз талап кылынчу. Ал жыйында кагаздардын топтомдорун көрсөтүп, аппарат кызматкерлерин бул документтерди алып кетүүгө чакырды. "Ишибизди санариптештирүүнүн алкагында документ жүгүртүүнү электрондук

Д.Трамп АКШ Испания менен соода алакасын толугу менен токтотушу мүмкүн экенин билдирди

Д.Трамп АКШ Испания менен соода алакасын толугу менен токтотушу мүмкүн экенин билдирди

Дональд Трамп Мадрид Иранга сокку уруу үчүн өз базаларын колдонууга уруксат бербегени жана аскердик чыгымдарды ИДПнын 5%ына чейин көтөрүүгө макул болбогону үчүн Вашингтондун Испания менен соода мамилелерин толугу менен токтотуу ниети бар экенин билдирди. Трамп ошондой эле АКШ кааласа Испаниянын базаларын Мадриддин макулдугусуз эле колдоно аларын Ак үйдөгү Германиянын

Кытайдын Ухань шаарында 5 эм бала төрөлдү

Кытайдын Ухань шаарында 5 эм бала төрөлдү

Кытайдын Хубэй провинциясындагы Ухань шаарында 24 жаштагы синьцзяндык жаш эне беш ымыркайды жарык дүйнөгө алып келгенин Казинформ кабарлады. Дарыгерлердин маалыматына ылайык, балдардын абалы салыштырмалуу туруктуу. Беш эмдин бири - 990 грамм салмактагы эркек бала. Калган төртөө кыздар болуп, алардын салмагы 870, 970, 1020 жана 1030 граммды түзгөн. Ымыркайлардын Апгар шкаласы