ОПЕК Кыргызстандын суу тармагына каражат бөлөт

ОПЕК Кыргызстандын суу тармагына каражат бөлөт

Жогорку Кеңештин кароосуна Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү боюнча ОПЕК (Мунай экспорттоочу өлкөлөр тарабынан мунай өндүрүү квоталарын көзөмөлдөө максатында түзүлгөн эл аралык өкмөттөр аралык уюм) фонду ортосунда түзүлгөн кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору киргизилди.  

"Суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк (1-фаза)" программасын каржылоого тиешелүү бул документке 2025-жылдын 23-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган.

Негиздеме-маалымкатка ылайык, долбоор калкты ичүүчү суу менен камсыздоону жакшыртууга, санитардык шарттардын сапатын жогорулатууга, оорулардын деңгээлин төмөндөтүүгө, ошондой эле инфраструктураны климаттык коркунучтарга ыңгайлаштырууга багытталган. Программа Чүй, Ысык-Көл жана Ош облустарындагы 126 калктуу пунктту камтып, 425 миңден ашуун тургунду таза суу менен камсыздоону көздөйт.

Долбоордун негизги компоненттерине суу менен камсыздоого инвестиция салуу, санитардык шарттарды жакшыртуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын колдоо, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана кийинки этаптар үчүн долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу кирет.

Долбоорду каржылоо республикалык бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылбайт жана колдонуудагы мыйзамдарга каршы келбейт.

Мындан тышкары окуңуз

18-24-январда Бишкекте хоккей боюнча U20 дүйнө чемпионаты өтөт

18-24-январда Бишкекте хоккей боюнча U20 дүйнө чемпионаты өтөт

Бүгүн, 17-январда хоккей боюнча U20 дүйнө чемпионатына катышуу үчүн Люксембург, Мексика жана Ирандын курама командалары Бишкекке учуп келишти. Бул тууралуу Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Билдирүүгө караганда, жаш спортчулардын мелдештер 18-24-январь күндөрү “Бишкек Арена” муз аянтчасында өтүшү күтүлүүдө. Дүйнө чемпионатынын салтанаттуу ачылышы эртең 18-январда, саат

Коргоо министрлигиндеги коррупциялык схеманын бети ачылганы калды

Коргоо министрлигиндеги коррупциялык схеманын бети ачылганы калды

КР УКМК тарабынан Коргоо министрлигиндеги системалуу коррупцияны аныктоо жана ага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, курал-жарак жеткирүүгө байланыштуу жеткирүүчү фирмалардын (ЖЧК) бири тарабынан өлкөнүн коргоо министрлиги менен түзүлгөн келишимдин шарттарын аткарбоо фактысы аныкталды. УКМКнын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, КРнын Финансы министрлигинин аудиттик текшерүүсүнүн натыйжасында Коргоо министрлигинин мамлекетке

Казакстанда теңгенин курсу каалаган учурда кулашы мүмкүн

Казакстанда теңгенин курсу каалаган учурда кулашы мүмкүн

Казакстанда теңге чет элдик алып сатарлардын кыска мөөнөттүү инвестицияларынан улам коркунучка кабылды. Бирок жакын арада бул тенденция өзгөрүшү мүмкүн экенин билдирет Reuters. Казакстандыктардын кирешелеринин төмөндөшү кескин мүнөзгө ээ болду. Экономикалык журналист Жон Синдру өткөн жылы кыска мөөнөттүү пайда көздөгөн инвесторлор өнүгүп келе жаткан жана чек ара экономикасына ээ өлкөлөрдүн баалуу

2026-жылдын 11-февралында ЕАЭБде навигациялык пломбалар киргизилет

2026-жылдын 11-февралында ЕАЭБде навигациялык пломбалар киргизилет

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы жүк ташууларды навигациялык пломбалар менен көзөмөлдөө 2026-жылдын 11-февралында башталат. Мындай маалыматты КРнын Мамлекеттик бажы кызматы жарыялады. Билдирүүгө караганда, 2025-жылдын 1-декабрынан баштап навигациялык пломбаларды колдонуу менен жүктөрдү көзөмөлдөөнүн пилоттук долбоору ишин баштаган. Ага ылайык, долбоор 2025-жылдын 1-декабрынан 2026-жылдын 15-январына чейин өткөрүлөт жана товарлардын бардык түрлөрү үчүн пломбаларды колдонуу