ЖК депутаттарынын документ жүгүртүүсү электрондук форматка өттү

ЖК депутаттарынын документ жүгүртүүсү электрондук форматка өттү

Парламент депутаттарынын документ жүгүртүүсү электрондук форматка өткөрүлгөнүн бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Марлен Маматалиев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин спикердин жана депутаттардын ишин камсыз кылуу үчүн абдан көп кагаз талап кылынчу.

Ал жыйында кагаздардын топтомдорун көрсөтүп, аппарат кызматкерлерин бул документтерди алып кетүүгө чакырды.

"Ишибизди санариптештирүүнүн алкагында документ жүгүртүүнү электрондук форматка өткөрүү чечими кабыл алынды. Жакын арада парламенттик комитеттер да ушундай форматка өтөт. Ошондой эле ишти оптималдаштырууга жардам бере турган жасалма интеллектти киргизип жатабыз", — деп кошумчалады Марлен Маматалиев.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Улуттук банк FinConference 2026 конференциясына катышты

Дайджест: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

Ишкерлердин бир катар категориясы фискалдык программалык камсыздоого милдеттендирилет

Улуттук банк гросстук эсептешүү системасына кошуу шарттарын тактоону сунуштайт

Жайылда таштанды үчүн компанияга 17 миң сом айып салынды