Д.Трамп Гренландия боюнча позициясы үчүн Европанын 8 мамлекетине 10%дык бажы салыгын киргизерин эскертти

Д.Трамп Гренландия боюнча позициясы үчүн Европанын 8 мамлекетине 10%дык бажы салыгын киргизерин эскертти

АКШнын президенти Дональд Трамп АКШнын Гренландияны көзөмөлгө алуу аракетине каршы чыккан сегиз европалык өлкөгө 10%дык бажы төлөмдөрү киргизилерин билдиргенин The Guardian басылмасы жазды.

АКШ лидери билдиргендей, 1-февралдан тарта Дания, Норвегия, Швеция, Улуу Британия, Франция, Германия, Нидерланддар жана Финляндиядан АКШга экспорттолгон бардык товарларга 10% бажы төлөмү колдонулат. Ошондой эле Трамп 1-июндан тарта бул тариф 25%га чейин жогорулай турганын айтты.

"Биз көп жылдар бою Данияны, Европа Биримдигинин бардык өлкөлөрүн жана башка мамлекеттерди бажы төлөмдөрүн же башка компенсацияларды албай эле субсидиялап келдик. Эми, кылымдар өткөндөн кийин, Дания жакшылыкка жакшылык менен жооп бере турган убак келди — дүйнөлүк тынчтык таразада турат!" — деп жазды Трамп Truth Social социалдык тармагында.

Ал ошондой эле бажы төлөмдөр Гренландияны толук жана сөзсүз сатып алуу боюнча макулдашууга жетишилгенге чейин алынарын белгиледи.

Трамп мурдагыдай эле "Кытай менен Россия Гренландияны алууну каалап жатат" деген эскертүүсүн кайталап, "Дания муну менен эч нерсе кыла албайт" деп баса белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

А.Касымалиев 4 күндө тургузулган имараттын өзгөчөлүгү менен таанышты

А.Касымалиев 4 күндө тургузулган имараттын өзгөчөлүгү менен таанышты

МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарындагы жаңы технологиялык ыкма менен курулуп жаткан курулушту жеринде көрдү. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, имараттын негизги каркасы заводдо даярдалган 24 ири темир-бетон блоктон туруп, болгону 4 иш күнүндө (фундаменттик иштерди эсепке албаганда) монтаждалган. Ошондой эле индустриалдык модулдук система сейсмикалык талаптарга толук

Бишкекте  100дөн ашык автоунаа айып короого коюлду

Бишкекте 100дөн ашык автоунаа айып короого коюлду

4-мартта Бишкек шаарында Жол кыймылынын эрежелерин бузуп токтотулган жана токтотуу үчүн акысы төлөнбөгөн автоунааларды аныктоо боюнча рейддик иш-чаралар өткөрүлдү. Шаар мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, рейддер борбор калаанын бардык райондорунда жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында мыйзам бузуу менен токтотулган 100дөн ашык автоунаа айып короого эвакуацияланды. Бишкек РИИББинин патрулдук кызмат башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан тиешелүү

Былтыр 561 медициналык мекеме текшерилип анын 263ү жабылган

Былтыр 561 медициналык мекеме текшерилип анын 263ү жабылган

Саламаттык сактоо министрлиги 2025-жылы өлкө боюнча жеке медициналык чөйрөдө кеңири текшерүү жүргүзүлгөнүн “Кабар” агенттигинин “Элден собол” берүүсүндө министрликтин лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Аман Осмонов билдирди. Анын айтымында, мыйзамсыз ишкердикти аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын алкагында министрликтин облустардагы координаторлоруна тиешелүү тапшырмалар берилген. Жалпысынан 561 мекеме — жеке клиника, реабилитациялык борбор, стоматологиялар, элдик

Жалал-Абадда саатына 360 куб метр ташты майдалоочу завод  жакында ишке кирет

Жалал-Абадда саатына 360 куб метр ташты майдалоочу завод жакында ишке кирет

Бүгүн президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев Манас шаарында курулуш иштери аяктап калган жаңы таш майдалоочу завод менен таанышты. Өкүлчүлүктүн маалыматына караганда, завод саатына 360 куб метрге чейин өндүрүш кубаттуулугуна ылайыкташкан. Учурда курулуш иштери дээрлик жыйынтыкталып, завод ишке киргизүүгө даяр абалда турат. Завод Көк-Арт дарыясынын жээгине курулгандыктан, облустук өзгөчө кырдаалдар