IZhO-2026: Кыргызстандын окуучулары Эл аралык олимпиадада 11 медаль утуп алышты

IZhO-2026: Кыргызстандын окуучулары Эл аралык олимпиадада 11 медаль утуп алышты

Кыргызстандын мектеп окуучуларынан түзүлгөн курама команда математика, физика жана информатика боюнча өткөн XXII Эл аралык Жаутыков олимпиадасында (IZhO-2026) 2 алтын, 3 күмүш жана 6 коло медаль жеңип алышты.

Мындай маалыматты Агартуу министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Олимпиада 2026-жылдын 10–15-январында Казакстандын Алматы шаарында өткөн. Ага Армения, Азербайжан, Беларусь, Болгария, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Монголия, Пакистан, Россия, Румыния, Тажикстан, Түркмөнстан, Индонезия, Индия жана Өзбекстанды камтыган 16 өлкөдөн 600дөн ашуун окуучу катышкан.

Анын жыйынтыгында, Кыргызстандын атынан олимпиадага 33 окуучу катышып, алардын 11и жогорку жыйынтыктарды көрсөтө алышкан.

Мындан тышкары окуңуз

ӨКМ айдоочуларды ишке чакырат

ӨКМ айдоочуларды ишке чакырат

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт өчүрүү унаасын айдоочуларды жумушка чакырат. Ведомствонун маалыматына караганда, талапкерлер 21 жаштан жогору, ден соолугу чың, соттуулугу жок, Кыргызстандын жараны болууга тийиш. В жана С категориясындагы 3 жылдан кем эмес тажрыйбасы бар айдоочулук күбөлүгү (Е – артыкчылык) болушу керек. Документтер 2026-жылдын 4-мартынан 4-апрелине чейин кабыл алынат. Дареги: Бишкек

Кыргызстанда калктын кирешесинин 47%ы калктын эң бай 20%ынын колунда

Кыргызстанда калктын кирешесинин 47%ы калктын эң бай 20%ынын колунда

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда мүлктүк теңсиздик жогору бойдон калууда. Улуттук статистикалык комитеттин бюллетенине ылайык, калктын жалпы акчалай кирешесинин 47%ы эң камсыз болгон 20% жарандардын колунда топтолгон. Экономикада бул көрсөткүч квинтилдик коэффициент деп аталат. Ал коомдогу социалдык теңсиздиктин деңгээлин көрсөтөт. Калктын бештен бири дээрлик бардык каражаттын жарымына ээ болушу капиталдын

Бишкекте ЭМУнун “1+1” пилоттук программасынын жыйынтыктары чыгарылды

Бишкекте ЭМУнун “1+1” пилоттук программасынын жыйынтыктары чыгарылды

Бүгүн Бишкек шаарында “Жергиликтүү өнүгүүнү жана миграция мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө: “1+1” шайкеш гранттар программасы жана дипломатиялык платформа” аттуу иш-чара өтүп, коопсуз жана мыйзамдуу миграция жолдорун кеңейтүү, ошондой эле жергиликтүү коомчулуктардын өнүгүүсүнө багытталган долбоорлордун жыйынтыктары сунушталды. Иш-чаранын жүрүшүндө Эл аралык миграция уюму (ЭМУ/МОМ) ишке ашырып жаткан “1+1” пилоттукпрограммасынын жыйынтыктары,

Жакынкы Чыгыштан 2200дөй кыргызстандык эвакуация кылууну суранган

Жакынкы Чыгыштан 2200дөй кыргызстандык эвакуация кылууну суранган

4-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн эвакуациялоо өтүнүчү менен дипломатиялык өкүлчүлүктөргө болжол менен 2200 кыргызстандык кайрылганын билдирди. Бириккен Араб Эмираттары БАЭден эң көп кайрылуулар түшкөн жана бул жакта болжол менен 10 миңге жакын кыргызстандык бар. Алардын ичинен 1200 адам эвакуация сураган. Көпчүлүгү