Октябрь районунда эт бааларына рейд өткөрүлдү

Октябрь районунда эт бааларына рейд өткөрүлдү

Кечээ Бишкек шаарынын Октябрь районунда эт бааларына көзөмөл жүргүзүү боюнча кезектеги рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Иш-чарага Октябрь райондук администрациясынын, мэриянын муниципалдык инспекциясынын, Октябрь РИИБинин жана №403 МАБдын кызматкерлери катышты. Рейддин алкагында "Орто-Сай" базарындагы сатуучуларга социалдык мааниге ээ азык-түлүк товарларына бааларды мамлекеттик жөнгө салуунун тартиби түшүндүрүлдү. Сөөктүү уй этине чекене баа 1 килограммына 680 сомдон ашпоого тийиш экени эскертилди.

Сатуучулардын айтымында, уй эти дүңүнөн 690–700 сомдон, кой эти 750 сомдон алынууда. Мындан улам белгиленген баа менен сатууда кыйынчылыктар жаралып жатканы белгиленди. Ошондой эле эттин дүң жеткирүүчүлөрүнүн бааларын жөнгө салуу маселеси көтөрүлдү.

Текшерүү учурунда баа белгилеринин жоктугу жана этти белгиленген чектен жогору сатуу фактылары аныкталды. Сатуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Буга чейин "Орто-Сай" базарында баа талаптарын бузгандыгы үчүн 29 миң сомго 3 протокол түзүлгөн.

Мындан тышкары, Карагул Акмат көчөсүндөгү "Устукан" дүкөнүнө да айып пул салынды. Рейддер Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын буйругунун алкагында жүргүзүлүп, текшерүүлөр күн сайын улантылууда.

Мындан тышкары окуңуз

Оор жүк ташуучу унааларга каршы рейдде 3,5 млн сом айып пул салынды

Оор жүк ташуучу унааларга каршы рейдде 3,5 млн сом айып пул салынды

Өлкөдө оор жүк ташуучу унааларга каршы жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгында жүздөгөн мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан өлкө аймагында жүк ташуучу автоунааларга карата бир айлык рейддик иш-чара өткөрүлдү. Иш-чара 19-февралдан 13-мартка чейин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен биргеликте

Быйыл 28 миңдей унаа камсыздандырылып, 50 млн 628 миң сом кенемте төлөнүп  берилди

Быйыл 28 миңдей унаа камсыздандырылып, 50 млн 628 миң сом кенемте төлөнүп берилди

Транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) системасы, анын алкагында төлөнүп жаткан каражаттар жана аймактардагы сандык көрсөткүчтөр тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасынын орун басары Закир Айдаралиев маалымат берди. Анын айтымында, 2026-жылдын башынан 13-мартка чейин 28 миңге жакын айдоочу унаасын камсыздандырып, ОСАГО полисин алган. Бул 1,56%ды

Кыргызстанда күйүүчү май тартыштыгы болобу? Нефтетрейдерлерге талаптар коюлду

Кыргызстанда күйүүчү май тартыштыгы болобу? Нефтетрейдерлерге талаптар коюлду

Күн мурун Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан Кыргызстандын нефтетрейдерлери менен жумушчу жолугушуу өткөрүлдү. Ага тармактагы ассоциациялар жана бир катар ири мунай компанияларынын өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Жолугушууда калкты күйүүчү-майлоочу материалдар менен туруктуу камсыз кылуу жана бааларды көзөмөлдөө маселелери талкууланды. Нефтетрейдерлердин маалыматына ылайык, учурда

Бишкек мэриясы миңдеген үлүшчүлөргө техпаспорт берүү жолун тапты

Бишкек мэриясы миңдеген үлүшчүлөргө техпаспорт берүү жолун тапты

Бишкек шаарында үлүштүк курулуштун катышуучулары үчүн техпаспортторду тариздөө жана келишимдерди каттоо боюнча убактылуу эрежелер киргизилерин шаар мэриясы билдирди. 2026-жылдын 12-мартындагы тескеме муниципалдык жер тилкелеринде курулган көп кабаттуу үйлөрдөгү үлүшчүлөрдүн көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган. Документ Кыргыз Республикасынын президентинин турак жайга болгон укуктарды каттоо маселелерин жөнгө салуу боюнча тапшырмасын аткаруу максатында кабыл алынган.