Эмгек министри ФАО менен айыл аймактарын өнүктүрүүнү талкуулады
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев бүгүн Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Кыргызстандагы өкүлү Олег Гучгельдыев менен жолугушту. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар айыл жергесиндеги жашоо шарттарын жакшыртууга жана миграциядагы калктын колдоосуна багытталган биргелешкен демилгелерди талкуулашты. ФАО өкүлү уюмдун учурдагы жана келечектеги иш багыттары — айыл аймактарын өнүктүрүү жана аярлуу топторду колдоо жөнүндө айтып, Министрлик менен өнөктөштүктү мындан ары бекемдөөгө даяр экенин билдирди.
Тараптар адамдык капиталды өнүктүрүүгө жана туруктуу өнүгүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырууну улантууну макулдашышты.

