Нарында мыйзамсыз берилген 185,9 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Нарында мыйзамсыз берилген 185,9 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Нарын шаарынын аймагында мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткен жалпы аянты 5 943 чарчы метрди түзгөн жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Нарын шаарынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө 1999-2002-жылдары Нарын шаарынын жана Нарын районунун жетекчилери тарабынан жер мыйзамдарынын талаптары одоно бузулгандыгы аныкталган.

Атап айтканда, М. Рыскулов атындагы музыкалык драма театрына таандык 1 500 чарчы метр жер тилкеси, С. Орозбак көчөсүндө жайгашкан 3 948 чарчы метр жер тилкеси (ун базар), ошондой эле Ат-Башы көчөсүндөгү 495 чарчы метр жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилген.

Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында жалпы баасы 185 млн 920 миң сомго бааланган жер тилкелери толугу менен мамлекетке кайтарылды.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргыз-өзбек агро өнөржай кызматташуусу чыңдалат

Кыргыз-өзбек агро өнөржай кызматташуусу чыңдалат

2026-жылдын 23-январында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде Өзбекстан–Кыргыз өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга министрликтин атынан министрдин орун басары Б. Бекболотов, ошондой эле долбоорлорду ишке ашыруу жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) секторунун башчысы И. Анарбеков катышты. Ал эми Фонддун атынан Фонддун төрагасы Азиз

Үч эмдүү үй-бүлөгө эки бөлмөлүү батир берилди

Үч эмдүү үй-бүлөгө эки бөлмөлүү батир берилди

Таластагы үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө Бишкек шаарынын борборунан эки бөлмөлүү батирдинберилгенин УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Буга чейин ЖМКлар Рыскул Сыргабаев менен Медина Калиеванын кайрылуусун жарыялаган. Анда жаш жубайлар турак жай жана документ маселесин чечүүгө көмөк көрсөтүүнү суранышкан. 2024-жылдын ноябрь айынан бери алар борбор калаада ижарага алынган батирде жашап келишкен.

Конвекторлор менен иштеген мектептерди жылытуу маселеси көтөрүлдү

Конвекторлор менен иштеген мектептерди жылытуу маселеси көтөрүлдү

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Рахат Мусаева  Шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын жыйынында учурда борбор калаада 119 мектеп жана 120 бала бакча бар экенин билдирди. Алардын ичинен: * 130 билим берүү мекемеси борборлоштурулган жылуулукка, * 54 мекеме газ менен, * 46 мекеме электр казандары (электрокотельная) аркылуу, * 15 мекеме көмүр

Мамлекеттик мүлктөрдү баалоо стандарттарына өзгөртүүлөр кирет

Мамлекеттик мүлктөрдү баалоо стандарттарына өзгөртүүлөр кирет

Экономика жана коммерция министрлиги 2026-жылдын 23-январында Министрлер кабинетинин "Кыргыз Республикасынын аймагында баалоочулар жана баалоо уюмдары тарабынан милдеттүү түрдө колдонулуучу мүлктү баалоо стандарттарын бекитүү жөнүндө" 2025-жылдын 16-октябрындагы №673 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Долбоор мамлекеттик мүлк объекттерин Министрлер кабинети менен инвестордун ортосунда түзүлгөн инвестициялык макулдашуулардын